Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Абсамат Масалиевдин --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/CFB07DF8-4CA3-4540-9330-F9C349614DAF.asp атын-жөнүн билбеген адамды Кыргызстандан табуу кыйын. Айтылуу саясий-коомдук ишмердин 75 жылдыгына арналган илимий жыйын бүгүн Бишкектеги Кыргыз-түрк “Манас” универститетинде өттү. Маркумду билген замандаштары, илимпоздор анын эл үчүн өтөгөн эмгегин эскеришип, Атамекенге арналган өмүрдүн сабактарына токтолушту.

Коммунизм идеалдары менен жашаган А.Масалиев Кыргызстанга базар экономикасы башын салып кирип келгенде деле мурдагы нарк-насилинен тайбай өз өмүр жолунда айныксыз ишенген акыйкаттарын тартынбай айтып келди. Көзү тирүү кезинде Европа биримдигинен келген өкүлдөр катышкан чоң жыйында сүйлөгөн сөзүн ушул сапар келтире кетүүнү эп көрүп турам.

- Силердин демократияга суктанам. Кантсе да силер 15 өлкө биригип демократия принцибин ишке ашырып жатасыздар. Ошончо элдин кызыкчылыгын эсепке алып жатасыздар. Силер амалдуу экенсиңер. Бизде да 15 республикадан турган бирдиктүү союз бар эле.

Ошол союздан калган социалисттик менчик базар экономикасынын башында эле талоонго учурап, ага күйүп-бышкан А.Масалиев жаңы бийликтин айныксыз оппонентине айланып чыга келбедиби. Андан башкача болушу да мүмкүн эмес болчу. Себеп дегенде, белгилүү коомдук-саясий ишмер Карыбек Молдобаев ырастагандай, А.Масалиев өз доорунун адамы болчу.

- Демек, ошол кездеги принциптерге: саясат принциптерине, башкаруу принциптерине, башкаруу принциптерине баш ийбей коюу мүмкүн эмес. Ар бир адам өз доорунун баласы, - дейт К.Молдобаев.

“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясын түптөгөндөрдүн бири, Кыргызстан Чыгыш университетинин жетекчиси Асан Ормушевдин А.Масалиев менен тил, улут маселелери, менчиктештирүү, “Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча бир нече ирет пикир алышкан жайы бар.

- Мамлекеттик тил боюнча болду. Ушул мыйзам даярдалып жатканда биздин партиянын мүчөлөрү өзүнүн сунуштарын киргизишкен. Экинчи бир чоң маселе “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу болчу. Ошондо Абсамат Масалиевдин бир айтканы эсимде. “Бул алтын маселесине, урматтуу жолдоштор, аяр мамиле кылбасак, анын аркасы, келечегинин биздин муундарга залалы тйип калбасын” , деген сөзүн биздин балдар а кишинин өзүнүн үнүн туурап, жакшы ой менен айтып жүрүшчү.

Абсамат Масалиевди мамлекеттик тил мыйзамын даярдоо, кабыл алуу маалында жакындан билип калганын Кыргыз-түрк “Манас” университетинин жетекчиси Сулайман Кайыпов илимий жыйында эскерди.

- Абсамат Масалиев ошол акыркы чогулушту өткөрүп, андан кийин аны Жогорку Кеңештин жыйынына даярдаган. Ошондогу а кишинин дипломатиясы, абыдан усталыгы, анан да а кезде аябай сезилип турган улуттук бир сезим мени ошол кезде таң калтырган болчу.

А.Масалиевдин көзү өткөндөн бери деле билинбей төртүнчү жыл өтүп баратат. Маркумдун бу жарыкчылыктан кетерине үч-төрт күн калганда өзү отургузган багы бир четтен мөмөгө кирип, алардын даамын татып кетүүгө бизди чакырганы, ошол маек обого чыга электе кайран кишинин о дүйнө салып кеткенин эстеп олтурабыз. А.Масалиевдин Атамекенге арналган өмүрү сая кетпегенин, артында жакшы ат калтырганы анын 75 жылдыгына арналган илимий жыйында арбын айтылды.
XS
SM
MD
LG