Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

ЦЕМЕНТ ЗАВОДУ: 3 МИЛЛИАРД СОМГО БААЛАНГАН ДОЛБООР


Сабыр Абдумомунов, Кызылкыя Долбоордук баасы үч жарым миллиaрддык жеке ишкана эсептелген Кызылкыя Түштүк цемент заводу жүз пайыз казакстандык --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/07/6dfb9587-0014-4d7d-8415-55e2d5ba8b8e.asp инвестициялык фонддун ээлигинде турат. Учурда цемзаводдун курулуш иштеринин бир миллиaрддык өлчөмдөгү бөлүгү бүткөн. Түштүк цемент заводунун курулуш долбоорунун координатору Данияр Үсөнов 2009-жылдын 28-февралынан завод алгачкы продукцияны бере баштайт деп ишендирип кетти.

Баштап Кызылкыя Түштүк цемент заводу жеке жабык акционердик коом катары Данияр Үсөновдун жетекчилиги астында долбоорлоно баштаган. Кийинчерээк бул заводдун курулушун мамлекет колдоого алып, бирок цемзаводдун ээлик формасы жеке ишкана катары калтырылган.





Учурда Кызылкыя Түштүк цемент заводу, жүз пайыз, Казакстандык инвестициялык фондунун ээлигинде турат. Завод долбоорун куруу үчүн кытайлык инвестиция Казакстандын “Казына” инвестициялык фондунун кепилдиги астында алынган. Жогоруда айтылгандар тууралуу «Азаттыкка» цемзавод долбоорунун мамлекет тарабынан координатору Данияр Үсөнов билдирди:

-100 пайыз заводдун ээси болуп Казакстандык “Казына” инвестициялык фондусу жеке Нурсултан Назабаевдин көрсөтмөсү менен түзүлгөн. Алар кытайлык инвестиция үчүн кепил болуп беришет, - деди Кызылкыя Түштүк цемент заводун куруу долбоорунун координатору Данияр Үсөнов.



15-май күнү өзүнүн иш сапарында өлкө президенти Курманбек Бакиев Түштүк цемент заводунун курулуш иши менен таанышып чыкты. Ошондой эле президент заводдун жетекчиси Ян Фишерге жана цемзаводдун курулуш иштери боюнча мамлекеттик координатор Данияр Үсөновго өнөр жай курулушунун сапатына каттуу көңүл буруу керектиги туурасында көрсөтмө берип, курулушту өз убагында бүткөрүүгө өткөн жылдын этегиндеги жана үстүбүздөгү жылдын башындагы саясий оюндар кыйла тоскоолдук бергендигин кошумчалады:

- Эгерде баягы саясий окуя болбогондо быйыл ноябрь айында бул завод толук ишке кирет эле. Былтыр саясатчыларыбыз ызы-чуу кылып, канча бизге тоскоол кылды. Бирок ага карабай биз барыбир мунун аягына чыгып атабыз.



Кызыкыя Түштүк цемент заводунун курулуш долбоорунун баасы үч жарым миллиaрд сом турат. Учурда анын бир миллиардга жакыны иштетилген. Данияр Үсөновдун айтымында, алгачкы продукция 2009-жылдын 28-февралында чыгарыла баштайт. Ушундай эле тактоону куруу иштерин жүргүзүп жаткан Кытай тараптагылар да тастыкташты. Ли Е Бо Түштүк цемент заводунун курулуш иштерин жүргүзүп жаткан кытайлык башкы долбоорчу:

- Заводдун курулуш иштери ушул жылдын этегине чейин толук аяктап, 2009-жылдын март айынан баштап ишкана цемент чыгара баштайт.

Учурда цемзаводдун курулуш иштерине тартылган жумушчулардын саны 1037, анын 63үн Кытайдан келген адистер түзөт. Завод ишке кирсе, М-400, М-500, М-600 үлгүсүндөгү жана гидрокурулуштар үчүн цементтин атайын түрлөрү чыгарылмакчы. Акыркысы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда колдонулат.

XS
SM
MD
LG