Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бүгүнкү жаңы саны көрүнүктүү обончу, аткаруучу, комузчу, киноактер, Республиканын эмгек сиңирген артисти Мукан Рыскулбековдун туулган күнүнүн 65 жылдыгына, жаркын элесине жана ар тараптуу чыгармачылыгына арналды.

Обону от болуп тутанды,
О кандай кайрыгы мукамдуу,
Каякты ыйлатып,
Кыргызды ырдашып, капырай,
Ойносо сыздатат гитарды
Чын эле-ай, чын эле
Ким билбейт Муканды,
- деп белгилүү акын Кыялбек Урманбетов ырга кошкондой, Мукан Рыскулбековду кимдер гана билбейт, кимдер гана мукамдуу аваздык көркөм боектор менен шөкөттөлгөн обондорун ырдабайт. Кимдер гана асылдана ырахатка батышпайт.

Маркум Мукандын обончу, комузчу, киноактер болушуна, шык учкунунун жанышына чоң атасы Рыскулбектин казак домбрасын тартканы, атасы Насиркулдун Атайдын “Ой булбул”, “Күйдүм чок” аттуу ырларын ырдаганы, Атайдын “Маш ботойун”, Айдараалынын “Көйрөң күүсүн” төш кыла ж.б. күүлөрдү чертиши уютку болуптур.

Мукан боорун жерден көтөргөндөн шок, өткөрө шайыр өсөт. Мектеп босогосун аттагандан балалайка чертет, кыяк тартат, элдик ырларды ырдайт. Тилекке каршы балалыктын балдай таттуу күндөрү Улуу Атамекендик согуш жылдарына жана согуштан кийинки оор мезгилге туш келет. Ал балдары кандуу согуштан кайтпай калган жана курман болгон ата-энелердин ботодой боздоп ыйлагандарын, буркурап кошкон кошокторун, жүлүндү өрттөгөн жоктоолорун өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен угат.

Кийин Мукан эр жетип, обон чыгарууга баш оту менен киргенде Улуу Атамекендик согуштан кайтпай калган жана курман болгон аталардын, агалардын жаркын элесине, арбактарына таазим эте “Келген жок”, “Чолпонбай”, “Эсте энелер”, “Эне карайт батышты”, “Аталар” аттуу ж.б. ыр түрмөктөрүн жазат. Алар аттуу-баштуу ырчылардын ооздорунан түшүрүшпөй ырдашкан ырларына айланат.

“Эсте энелер”

Сөзү Н.Жүндүбаеваныкы. Обону М.Рыскулбековдуку

Эсте энелер, чагылгандын учканын,
Ал тийгенде балаңдын кан жутканын,
Эсте энелер, эстегиле бүт баарын,
Бомба төгүп самолеттун учканын.
Эстегиле энелер, эстегиле энелер,
Бакчаңдагы чынарыңды жыкканын.

Эсте энелер, шаарыңды өрт чалганын,
Өчүрөм деп окко учканын алганың,
Бетиң тытып кара шалы салынып,
Күлгүн кезден күлбөй жесир калганың.
Бир бооруңду канкорлор, бир бооруңду канкорлор,
Тирүү бойдон көмгөндүгүн эстегин.

Гүлүн ачса, күйгөн жер бети,
Кыжырланат батыш, чыгыш желдети,
Кыраан бол, корго мекен тынчтыгын,
Күбүлбөсүн эмгегиңдин бермети.
Эң биринчи дүйнөдө, эң биринчи дүйнөдө
Эне сүтү деңиз болуп каптасын.


Мукан азыркы сиздер уккандай согушка, Атажуртка, тынчтыкка, табиятка, махабатка, достукка, жаш жеткинчектерге арналган 200дөн ашык обон чыгарат. Алардын көпчүлүгү жөнөкөй угармандардан тарта ар кыл курактагы белгилүү ырчылардын өздүк репертуарларынан түшпөй ырдалууда.

Жакында Москва районунун борборунда Мукандын ысымын искусство мектебине ыйгарууга арналган салтанаттуу аземи болуп өттү. Ага эл акыны Сүйүнбай Эралиев, эл жазуучусу Өскөн Даникеев баштаган коомдук ишмерлер, саясий партиянын өкүлдөрү, райондун жетекчилери, белгилүү ырчылар, айылдаштары ж.б. катышты.

Эскерүү кечеде Мукан обончу гана эмес, Б.Шамшиев, Т.Океев, Г.Базаров, Д.Садырбаевдер тартышкан “Ысыккөлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Көчө”, “Айыл сүрөттөрү”, “Кызыл алма”, “Каныбек”, “Эски тегирмен”, “Түркүн тагдырлар”, “Кара кийик жолу” аттуу көркөм фильмдердеги эпизоддук ролдордо ойногон киноактерлук чеберчилиги жөнүндө сөз болду.

Ал турсун “Ысыккөлдүн кызгалдактары”, “Көчө” аттуу көркөм фильмдерге жазган “Издеп жүрөм”, “Аппагым” аттуу ырлары кыргыз жергесинде гана эмес, Россиядагы түрк тилдүү элдердин арасында да ырдалып жүргөнү жөнүндө “Замандаш” партиясынын тең төрагасы, кеченин катышуучусу Койчуман Момункулов:

- Кемерово областында Таштогол деген жер бар. Ал жерде илгертен бери шор эли жашайт. Алар түрк тилдүү элдердин курамына кирет. Менин оюмча кыргыз эли менен каны, жаны да бирге түптөш элден. Бир жолку жергиликтүү элдер менен болгон жолугушууда “Ысыккөлдүн кызгалдактары” аттуу көркөм фильмдеги “Издеп жүрөм” аттуу ырдын авторун, обонун таап бериңиз деп кайрылып калышты. Мен макул деп, Кыргызстанга келээрим менен автору ким деп иликтей баштадым. Көрсө, “Издеп жүрөм” Мукан агайдыкы экен. Ага чейин билчү эмесмин. Агайга жолугуп ырдын нотасын, ырчы Гүлсүн Мамашеванын аткаруусундагы ырды тасмага жазып сураган шордуктардын өкүлдөрүнө алып барып бердим. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин Мукан агайдын “Издеп жүрөмүн” шор элинин таланттуу жаштары сынактарда, эл арасында ооздорунан түшүрбөй ырдашууда.

“Издеп жүрөм”

Сөзү А.Жакыпбековдуку. Обону М.Рыскулбековдуку

Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм,
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айлыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктамагым.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом,
Асылып чарчасаң да моюнуңа
Кумарым канмайынча жөн койбосом.


Эми, ырдан кеп кезметин эскерүү кеченин дагы бир катышуучусу, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловго берейин:

- Кыргызда “Шагылы болбой тоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт, агыны болбой суу болбойт” деген жакшынакай сөз бар. Кайсыл гана эл болбосун, кыргыздын кайсы гана жеринде болбосун сөзсүз таланттуу бир таланты чыгат. Мына, ошондой орошондуу таланттардын мекени болгон сары өзөндүү кенен Чүйдөн, анын ичинен Аксуу өрөөнүнөн чыккан Мукан Рыскулбековду кимдер гана билбейт. Мукандын бир топ ырлары элдин сүймөнчүгүнө айланып, көптөгөн аткаруучулар, не бир мыкты ырчылар Мукандын ырларын аткарсам дешип тилек кылышат. Мага айрыкча акыркы жылдарда чыгарган эки ыры аябай жагат. Алсак, автордун “Келген жок” деген ыры бүгүнкү күндө ар бир жылдын 9-май күнүндө кыргыздын ар бир айылында, ар бир мектебинде, ар бир мекемесинде милдеттүү түрдө ырдалат. Ачык айтканда “Келген жок” Кыргызстандагы 9-майдын гимни десем жаңылышпайм. Обону менен сөзү топ келишкен укмуштуу ыр. Автордун дагы бир ыры “Ысыккөлдүн кызгалдактары” аттуу көркөм фильминдеги “Издеп жүрөм” деген ыры бүгүнкү күндө үчүнчү өмүрүн жашап атат. Азыркы жаштардын көтөрүп жүргөн кол телефондорун угуп көрсөңүз бардыгынан Мукандын “Издеп жүрөмүн” угасың. Ар ким өзүнүн сүйгөн, жактырган ырын, музыкасын издейт экен. Демек, Мукандын ырлары муундан муунга өтө берет экен. Муну айтып жатканым эл акыны Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе да, ырлары өчпөй эл арасында ырдала берет” деген сөзү бар. Демек, Мукан арабызда тирүү. Ал өлгөн жок. Мукандай чоң таланттар узак жашаса дейм.

Мукан Рыскулбеков “Келген жок” аттуу ырды 1965-жылы чыгарган.

“Келген жок”

Сөзү К.Маликовдуку. Обону М.Рыскулбековдуку

Тоо томсоруп, көл боздоп,
Убайым жайың жел козгоп,
Узатып калган селкинин,
Көзүнөн чайып жел козгоп.

Атасы кеткен бирөөнүн,
Айлына кайра келбеди
Бешикте калган баласын,
Бир жолу чиркин көрбөдү.

Баласы кеткен бирөөнүн,
Жадырап кайра келген жок,
Жайкалган аппак сакалдуу
Атасы уулун көргөн жок.

Бүкчүңдөп уулум келет деп,
Сары май каткан энеси,
Жол карай караан көрө албай,
Суугандай болду денеси.

Эстейли атын ар качан,
Майдандан келбей калгандын,
Эл үчүн болот эр курман,
Элеси ушул армандын.


Маркум Мукандын бүтүндөй чыгармачылыгы менин көз алдымда өсүп, өндү. О дүйнөгө сапар алганга чейин байланышта болуп жүрдүм. Ал ар тараптуу шайыр эле эмес, “Алганын” волейбол командасында чабуучу болуп ойноп, Монголияга чейин барган.

Теректей бойлуу, терең ойлуу Мукан дүйнөнүн көзүнө карабаган, төгүлүп-чачылып жүргөн жайыл дасторкондун ээси, өзүм дегенге жанын берген, куулук-шумдугу жок, хандан, бектен кайра тартпаган оюндагысын ортого “балп” этире таштап койгон айкөл эле.

Анын эки сөзүнүн бири “Кейибе бака саз биздики болот”, “Адыр-адыр тоолордон айгыр минип түшөлү, а дүйнөдө не кызык. Ачуу айран ичебиз” деп, күлкүнүн күүсүн чалдыра сүйлөгөн күлкү менен жашап, күлкү менен күн көргөн өтө тамашакөй инсан эле. Күндөр айга, айлар жылга айланган сайын укандын канаттуу ырлары калдайган кыргыз калкы менен кошо жашап, жаркын элеси замандаштарынын жүрөгүнөн өчпөй сактала бермекчи.
XS
SM
MD
LG