Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

11:15 Р.Айтматова: “Чыңгыз Айтматовдун абалы жакшы”


Роза Айтматованын "Азаттыкка" билдирүүсү боюнча, бөйрөгү катуу ооруп, ооруканага түшкөн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго канындагы уулуу заттарды тазалап, бөйрөгүнө жардам берүү (диализ) 16-майда жасалды. Дарылоодон кийин Айтматовдун абалы жакшырып, үйбүлөсү менен сүйлөштү. Анын абалын жеринен иликтеп, жолдо жүрө алса Бишкекке алып келүү үчүн бүгүн жазуучунун жубайы Мария менен тун уулу Санжар Тататрстанга жөнөп кетишти. Ал эми Татарстандын маалымат агенттиктери Айтматовдун денсоолугуна Татарстандын саламаттык сактоо министри Айрат Фаррахов өзү көз салып жаткандыгын жана аны дарылоо жолдору 16-майда өткөрүлгөн врачтык консилиумда талкуулангандыгын жазып жатышат. Чыңгыз Айтматов Татарстанга Орусиянын “Россия” телеканалынын демилгеси менен “Кылымга тете бир күн” романы боюнча тасмага тартылуу үчүн барган. Ал жерден бөйрөгү катуу ооруп, Татарстандын президенти жана окурмандар менен жолугушуу, энесинин туугандары жаткан көрүстөнгө баруу пландары үзгүлтүккө учурады. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG