Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

12:55 Эртең СПИДден көз жумгандар эскерилет


Мындай маалыматты “СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонддун” долбоорунун маалымат менеджери Талгат Субанбаев таратты. Анын айтымында, СПИДден каза болгондор май айынын ар бир үчүнчү жекшембисинде эскерилет жана ага негиз берген декларацияны БУУ 2001-жылы 189 мамлекеттин колдоосу менен кабыл алган. Дүйнө жүзү боюнча ар жылы СПИД дартынан 3 миллион адам, анын ичинде 600 миң бала көз жумат. Акыркы жылдары бул дарт Чыгыш Европа менен Борбор Азияда күч алып, расмий каттоого алынган оорулуулардын саны Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда көбөйүп баратат. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG