Кечээ күнү шаар бийликтери Ош базарындагы жашылча-жемиштер сатылчу “Жашыл базарды” ирээтке келтирүү рейдин жүргүзгөн. Атайы техника жана машиналар өтүү үчүн орун бошотулуп, 640 сатуучу үчүн “Арпа” жана “Аларча” базарларында орун бөлүнгөн. Бүгүн Ош базарынын жанындагы паркта чогулган 30 чакты соодагер “Арпа” жана “Аларча” базарларында орун жетишсиз экенин, ал жерде соода жүрбөй жатканын айтып, аларга “Жашыл базардын” өзүндө орун бөлүп берүүнү шаар бийликтеринен суранууда. “Соода-сатык менен жан багып жүргөн ушунтип жумушсуз калып, эми эмне кылаарыбызды билбей отурабыз. Биздин үнүбүздү шаар бийлиги угат деген үмүттө бул жерге чогулуп жатабыз”, - деди “Азаттыкка” сатуучулардын бири Карамат Халмурзаева. Ленин районунун соода жана тейлөө бөлүмүнүн башчысы Жекшен Узакбаев “Акипресс” агенттигине билдиргенине караганда, эгерде соодагерлерге орун чындап жетишпей турган болсо, анда “Ош” автобекети “Жашыл базарга” кошулат. Бейрасмий маалыматтар боюнча, “Жашыл базарда” 15 миңге жакын адам соода кылат. (JTo)
13:41 Ю. Фучик атындагы паркта Ош базарынын шаардык бийликке нааразы соодагерлери чогулууда