Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

14:09 С.Жайчыбеков: “Аксы окуясында жабырлануучу кайгысынан каза тапты”


Мындай билдирүүнү “Адам жана укук” коомдук уюму таратты. Билдирүүдө 2005-жылдын 17-мартында Боспиектин жанындагы ок атуудан каза болгон Эркинаалы Четимбаевдин атасы Момунбек Четимбаевдин кечээ 16-майда каза болгондугу жана ага Бишкек гарнизондук сотунун чечими себеп болгондугу айтылат. Коомдук уюмдун жетекчиси, Аксы окуясында жабырлангандардын укугун коргогон адвокат Сартбай Жайчыбековдун айтымында, Момунбек Четимбаев соттун Ички иштер министринин мурдагы орун басары Калмурат Садиевди актаган чечимин радиодон уккандан кийин адилеттик болбогонуна капалангандан улам кан басымы жогорулап мерт болгон. Бишкек гарнизондук соту Ички иштер министринин мурдагы орун басары Калмурат Садиевди актаган өкүмдү 15-майда чыгарган. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG