Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ МАЙНАП ЧЫГАРГЫСЫ КЕЛЕТ


Оппозициялык күчтөрдөн куралган “Акыйкат үчүн”кыймылы өтүп бараткан аптада кезектеги Координациялык кеңешин өткөрдү. Анда кыймылдын карамагындагы Коомдук парламенттин кезектеги отурумунун мөөнөтү, күн тартиби аныкталды. Ошол эле учурда талдоочулардын кыйласы оппозициянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/A33CEB49-F65A-48E3-A847-8372767A8AC9.asp аракеттери майнапсыз деп жатышат. “Апта окуясы” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында кеп учугу ушул маселенин айланасында болот.

Ошентип Координациялык кеңеш Коомдук парламенттин үчүнчү отурумун 21-майга белгиледи. Жайкы эс алуу алдындагы акыркы отуруму катары саналып жаткан бул отурумдун күн тартибине жети маселе кирди. Ириде коомдук-саясий лидерлер Түптөгү жөө жүрүштүн сабактарына көңүл бурганы турушат.

Маалым болгондой кыргыз-казак чегарасындагы Каркыра аймагы боюнча кыргыз тарап кабыл алган чечимге нааразы оппозиция 12-апрелге жөө жүрүш белгилеп, бирок ал Түп айылында ур-токмокко кабылып, үзгүлтүккө учураган. Муну “Акыйкат үчүн” кыймылы, укук коргоочулар, Акыйкатчы институту бийликтин атайылап уюштурганы катары баалашып, адам укуктарына шек келтирди деп билдиришкен.

Мындан тышкары коомдук парламент азык-түлүк каатчылыгын, өлкөнүн түштүгүндөгү чегара, коопсуздук маселелерин, телерадио берүүлөр боюнча жаңы мыйзамды, жогорку окуу жайларды акционерлештирүү маселелерин талкууламай болушту.



Мындай тыянакка координациялык кеңеш алдын ала сурамжылоолордун натыйжасында келген. Координациялык кеңештин жыйынынан кийин кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов буларга токтолду:

-Орчундуу, конструктивдүү маселелерди көтөрүп элге чыгарсак, мамлекет жетекчилерине жеткирсек пайдалуу болот го деп ойлойм. Программалык позициялар болот да, “мындай болуп баратат, антүүгө болбойт” дегендей. Биз өз оюбузду айтабыз.

Бирок саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин көз карашында, оппозиция көтөргөн бул маселелерден кандайдыр бир майнап чыгары күмөн:

- Ушул маселелерди бир коомдук парламент жыйынтык чыгарып чечип бере алабы деген суроо туулат. Бул мамлекеттин потенциалы менен араң чечиле турган маселелер. Анан 20-21 киши чогулуп алып чече турган маселе эмес. Ошентип атып эле анан көнгөн эле сынга келип такалып калып атабыз. Эл булар айтпаса да өздөрү деле билет аны, кандай кемчиликтер бар экенин.

Талдоочу оппозиция элге жугумдуу, чечимдери таасирдүү болбой жатат деп, муну оппозиция көтөргөн маселелердин ийине жете иштелип чыкпай жаткандыгы менен негиздеди.



Оппозициялык лидерлер өз кезегинде мындай көз караштарга сынчыл мамиле кылып жатышат. Маселен, Аликбек Жекшенкулов бийликти сындап турууга оппозиция милдеттүү экендигин белгиледи:

-Жогорку Кеңештей эле иштейт деген үмүт менен айтып атышат. Ар бир мыйзамды, беренелерди карап туруп, анан сунуштарын айтат деп. Бул биздин милдет эмес. Биз сын-пикирибизди, позициябызды айтабыз, мисалы, ЖОЖдорду менчиктештирүү боюнча же баалардын өсүшү боюнча. Бу жерде объективдүү, субъективдүү маселелер да бар. Мисалы, биз азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперттер менен сүлөштүк. Айылчы Сарыбаевге окшогон белгилүү адистердин пикирлерин документ катары чыгарып, элге да, бийликке да сунуштайбыз. Биз эмне кылуу керек экенин айтабыз, жөн эле сөз эмес. Бул эми сын айтып атат деген баягы саясий технологдордун тапканы. Оппозиция сын айтууга милдеттүү.

Ал эми “Улуу биримдик” партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаев оппозиция түзгөн коомдук парламент коомдун көйгөйүн айтып турчу убактылуу аянттын милдетин аткарып жаткандыгын эскертти:

- Коомдук парламент элдин көңүлүн учурдагы актуалдуу маселеге буруш үчүн керек. Бийлик туура чечип атабы, туура эмес чечип атабы, максаты кандай болуп атат, коомго, улутка иштечү маселеби, иштебей турган маселеби, ошону элге жеткирип туруучу аянт катары гана каралышы керек. Коомдук парламентке беш-он жыл туруктуу иштей турган орган катары карабаш керек.

Негизи “Акыйкат үчүн” кыймылын жана анын алдындагы коомдук парламенттин ишмердүүлүгүн жеригендер да, колдогондор да коомдук саясий чөйрөдө учурда аз эмес.



Бул уюм 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун тыянактарына нааразы жоон топ саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана коомдук-саясий ишмерлерден куралганы жалпыга маалым. Жаңы оппозиция деп эл оозунда жүргөнү менен бул уюмдун курамында 24-марттан кийин келген бийликти кескин сынга алып, нааразылык акцияларына элди нечен курдай ээрчитип чыккан “Ата мекен”, “Ак шумкар”, “Асаба”, “Элет” өңдүү таасирдүү саясий партиялар, коомдук-саясий ишмерлер бар. Албетте өздөрүн конструктивдүү оппозицияда санаган парламенттеги жана парламенттен тышкаркы башка саясий уюмдардын ишмердүүлүгүнө коомчулукта мынчалык көңүл бурулбайт.

Маселен, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жана ал түзгөн Элдик парламентти расмий бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз, атүгүл Конституциялык орган саналган Жогорку Кеңештин милдетин кайталап, одоно мыйзам бузууда деп сындап чыгышкан. Башкы прокуратура болсо Коомдук парламенттин алгачкы отурумунан кийин дароо анын лидерлерине эскертүү катын жиберген. Мындай аракеттер күчөп кетсе мыйзам чегинде чара көрүү ыктымалдыгы барын “Азаттыкка” берген интервьюсунда баш прокурордун орун басары Сумар Насиза да билдирген.



Кийинчерээк “Акыйкат үчүн” кыймылы курултай өткөргөнү үчүн анын беш лидери Абдыганы Эркебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов жана Өмүрбек Текебаев эскертүү алышып, Түптө жөө жүрүшкө чыгабыз деп баргандар ур-токмокко кабылышты.

Ушундай жагдайларды эске алган бир топ байкоочулар парламенттик шайлоодон кийин жагдайын оңдоп алган бийлик ансыз да алсызданган оппозицияны биротоло саясий оюндан чыгаруу аракетин жасап жатат деп жүрүшөт. Чынында эле оппозиция азыркы тапта кыйын кырдаалды башынан кечирип жатат дейт саясат таануучу Нур Омаров. Бирок талдоочу муну оппозициянын тазаланышы үчүн түзүлгөн табийгый шарт катары көрөт:

- Кандайдыр бир деңгээлде оппозиция кыйын кырдаалды башынан кечирип жатат. Бирок менин көз карашымда бир алгылыктуу жагдай бар. Оппозициянын талкалангандыгы, тарагандыгы тууралуу канчалык айтылбасын, кандайдыр бир деңгээлде оппозицияда биригүү болду. Оппозицияда буга чейин айтылып келген идеяларга чындап берилгендер калышты. Бир жагынан арасат жүргөндөрдүн, Кыргызстанды өнүктүрүүгө караганда мансапты артык көргөндөрдүн кетип калганы жакшы болду.

Өткөн аптада “Акыйкат үчүн” кыймылы катарын тазалоо аракетин көрүп жаткандыгын кабарлоодо. Бул кандай нукта жүрүп жаткандыгы, он бештен ашык коомдук-саясий уюмдардын, жоон топ саясатчылардын кимиси кандай себеп менен кетип, кимиси калары, кимдер кошулары жөнүндө айтууну азыр лидерлер эрте деп, ачыкташкан жери жок.



Белгилүү жагы жакында президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен чакан ГЭСтерди куруугу инвестиция тартуу боюнча долбоордун директору болгон Феликс Куловдун “Ар намыс” партиясы “Акыйкат үчүн” кыймылынын катарында кала берет. Партия менен кыймылдын ушул аптадагы сүйлөшүүлөрүнүн тыянагы ушундай болду, деп билдирди Жекшенкулов.

Ошол эле мезгилде Координациялык кеңештин ушул аптадагы отуруму “Атамекен Америка менен бирге” деген коомдук бирикменин кыймылга мүчө болуу арызын канагаттандырбай койду. Муну саясат таануучу Орозбек Молдалиев оппозицияда биримдиктин жоктугунун бир көрүнүшу катары сыпаттады:

- Чын эле таасирдүүлүктү күчөтөлү деген аракет болсо парламентарийлер, фракциялар менен иштеши керек, Конституциялык укуктарга таянып алып өздөрүнүн сунуштарын бериши керек. Ошону биз баланчадай сунуш киргиздик деп элге жеткирип туруш керек. Бул көп ишти талап кылат. Элге түшүнүксүз болуп атат, булар эмне жумуш жасаган атканы. Өздөрү айкын ачып бере албай атат. Мына мисалы, “Атамекен Америка менен бирге” деген коом келсе кошпой коюшту. Эгер тандаса, анда бул эмне элитный клуббу деген суроо туулат.

Талдоочунун оюнда оппозициянын барк жыйнашына дал ушул бийлик менен кызматташтык олуттуу таасир этиши мүмкүн.



Расмий бийликте болсо оппозиция менен кызматташуу маселеси референдумдан кийин дегеле көтөрүлө элек. Бул багытта “Азаттыктын” суроосуна коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов мындай деп жооп берген эле:

- Менин билишимче 2005-жылдын мартынан азыркы күнгө чейин жолугушуулар да болуп атат, пикир алмашуу да болуп атат. Алар мына митинг өткөрүп атат, ар кандай саясий иш-чараларды өткөрүп атат. Баары эле болуп атпайбы.

Ошол эле мезгилде оппозиция кызматташуу демилгесин бийлик көтөрүшүн каалайт:

- Бийлик өзү биринчи кадам жасашы керек. Алар бийлик башында эмеспи.

Жекшенкуловдун пикиринде, оппозиция бийликке олуттуу таасир этип жатат, бирок аны бийлик тааныгысы келген жери жок.



Оппозицияга жан тарткан саясатчылар оппозициянын келерки күздөн тарта баа өсүп, бийликке элдин ишеними кетип, ага жараша оппозициянын кадыры өсөрүн болжоп жатышат. Мындай пикири менен “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров бөлүштү:

- Эл өзү бийликтин сат-сат саясатын жаман көрүп, нааразы болуп атканы көрүнүп атат. Ал эми бийликте ал жасаган иш элге кандай таасир этип атат - талдаган эч ким жок. Булар теориялык жактан гана билген ишин жасап, баарын шаштырып, баарын жасап ийсек эле казына толуп калат дегендей негизде жасап атышат. Бул бийликтин өзүнө тийип, элде нааразылык жаратып атат. Мына 1-июндан баштап кымбаттоолор башталган элдин нааразылык толкуну кетет. Нааразылык эл ичинде жүрө берет. Бара-бара оппозиция туура айтып аткандыгына эл ишенип, оппозициянын позициясы бекемделе берет.

Ошондой болсо да “Акыйкат үчүн” кыймылынын ишмердүүлүгүн “Реформа үчүн!” кыймылы менен салыштырууга болбойт. Муну байкоочулар азыркы бириккен оппозициялык күчтүн кудуретсиздигинен эмес, анын таасирдүү саясий трибунадан куру жалак калгандыгы, анын ичинде маалымат каражаттарынын, телеберүү, радио уктуруулардын жоктугу менен байланыштырышууда. Мунун башкы себебин оппозицияны колдогон тарап бийликтин кысымынын натыйжасы катары баалоодо.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG