Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

20-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстанга иш сапары менен келген Финляндиянын президенти Урхо Калева Кекконен 1977-жылдын 20-майында республика жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Финляндиянын президенти Урхо Калева Кекконен 1977-жылдын 20-майында республика жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Совет мезгилинде Кыргызстанга чанда каттаган коноктор арасынан эң көрүнүктүүлөрүнүн бири болгон Финляндия президентине атайын программа камдалып, урматтуу конок Эл чарбасынын жетишкендиктери көргөзмөсүнүн кыдырып, айрым ишканалардын иши менен таанышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-майында өткөрүлгөн жыйынында Жалалабат областтык башкармалыгы менен шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө жасалган каракчылык кол салуу маселесин каралды. Кылмыштуу топ ушул жылдын 15-май күнү ички иштер бөлүмдөрүнө кол салып, укук коргоо кызматчыларын сабап, 35 куралды тартып алышкан. Өкмөт жыйынынын чечимине ылайык кылмыштуу ишке байланыштуу уюштуруу ишинде орун алган кемчилиги үчүн биринчи вице-премьер-министр К. Осмонов менен ички иштер министри Б. Субанбековго жана анын эки орун басарына сөгүш жарыяланган.

Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 2003-жылдын 20-май күнү, Өзгөн районунда жапа тарткан үйбүлөлөргө кайрымдуулук жардам ирээтинде 5 миң АКШ долларын Улуттук Кызыл ай коомуна тапшырды. Кызыл жарым ай коому Кытай мамлекети берген каражатка жер көчкүдөн жабыр тарткан 350 үйбүлөгө тамак-аш сатылып алынаарын билдирген.

«Адилет шайлоо үчүн» аттуу атуулдук кошуундун төрагасы Мисир Ашыркулов 2004-жылдын бул күнү аталган уюмдун максат жана милдеттери туурасында билдирүү таратты. Анын айтымында, атуулдук кошуунга мамлекеттин келечегинин камын ойлогон прогрессивдүү көз караштагы адамдар баш кошуп, биримдик өлкө кызыкчылыгынан башка саясий максаттарды көздөбөйт.

Жогорку Кеңештин депутаты Б. Эркинбаев 2005-жылдын 20-майында президенттик шайлоого катышуу талапкердигинен баш тарткандыгын билдирди. Депутаттын пресс-конференциясына биринчи премьер-министр Ф. Кулов катышып, Б. Эркинбаевдин пикирин колдой тургандыгын билдирди.

Кыргызстандагы «Европа күндөрү» 2005-жылдын 20-майында башталды. Европа күндөрүнүн алкагында эски континенттин кино фильмдери көрсөтүлүп, поэзия жана музыка кечелери, сүрөт көргөзмөлөрү көрөрмандарга тартууланган.

20-май Дүйнөлүк метрологдордун күнү. Метрологдордун күнү Париж шаарында 1875-жылдын 20-майында өткөн «Метрикалык Конвенция» аттуу Эларалык дипломатиялык конференцияга байланыштуу белгиленет.
XS
SM
MD
LG