Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

22-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1917-жылдын бу күндөрү Кытайдан мекенине 100 миңдеген адамдар көчүп келген. 1957-жылдын бу күнү борбор шаарда Кыргызстан жаштарынын I фестивалы ишин баштады.

1917-жылдын бу күндөрү Кытайдан мекенине 100 миңдеген адамдар көчүп келген. Алар өз убагында 1916-жылкы боштондук көтөлүшкө катышып, орус колониалдык бийлигинин кыргынынан качкан кыргыздар болушкан. Качкындар Пишпек жана Пржевальск уездине жайгаштырылып, аларга үй, жай бөлүү жана адегендеги жардам көрсөтүү сыяктуу маселелер менен Убактылуу өкмөт өкүлдөрү жана Ташкент кеңешинин депутатары шугулданышкан.

1922-жылдын бу күнү Түркстан коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети жана Жети суу областтык Аткаруу комитети Тоолуу областты куруу туурасындагы Р. Кудайкулокдун билдирүүсүн угушту. Жыйын соңунда биргелешкен тарап Тоолуу областты куруу али эрте экендигин жана ал үчүн күрөшкөн кыргыздардын ичинде биримдик жок экендигин белгилешкен.

1957-жылдын бу күнү борбор шаарда Кыргызстан жаштарынын I фестивалы ишин баштады. Фестиваль алкагында областтык топтордун чыгармачылыгы, концерт жана спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Мындан тышкаары Дзержинский көчөсү убактылуу «Фестивалдык» аталып, анда күнү-түнү аттракцион жана оюн, зооктор көрсөтүлүп атты.

1954-жылдын бу күнү Кыргыз малчарба Институндагы эксперименталдык ферманын зоотехниги Чыңгыз Айтматов, республикалык маалымдоо каражаттары аркылуу Украинанын Россия курамына кабыл алынышынын 300 жылдыгын кызуу куттуктоосун билдирди. Анда
кыргызстандык адистер малчылык боюнча тажрыйба алышуу максатында Украинанын колхоз, совхоздоруна барып тургандыгы, мындай көрүнүш эки бир тууган элдин баш кошуп, биригишинен улам мүмкүн болгондугу белгиленет.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1954-жылдын бу күнкү жардыгы менен Министрлер кеңешине карштуу мамлекеттик коопсуздук Комитетин уюштурган. КГБнын биринчи төрагасы болуп Александр Терещенко дайындалган.

1856-жылы айтылуу Третьяков галереясы негизделген.

Бу күнү, 1813-жылы айтылуу композитор Рихард Вагнер, 1859-жылы жазуучу Артур Конан Дойл, 1924-жылы француз ырчысы Шарль Азнавур жарык дүйнөгө келсе, 1826-жылы атактуу орус тарыхчысы Н. М. Карамзин дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG