Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

16:43 “Кыргызстандын демократияны тандоосу” бирикмеси коомчулукка кайрылуу жолдоду


Ысыккөлдөгү “Кыргызстандын демократияны тандоосу” аттуу коомдук бирикмеси 17-май күнү саясий партиялар менен өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн чогултуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясий абалынын начарлап кеткенин талкуулады. Чыгып сүйлөгөндөр азык-түлүктүн бардык түрү кескин кымбаттап жатса, Каркыра жайлоосу менен пансионаттардын казак тарапка бекер берилгени, ошондой эле өзүбүз электр жарыгы жок отурсак энергетиканы менчиктештиребиз деп аткан бийликке элдин нааразылыгы күч деп белгилешти. Жыйындын аягында элдин турмушун оңдоого убада берген азыркы бийлик өз милдетин аткара албагандыктан өлкөнү башкарууну татыктууларга өткөрүп берсин деген кайрылуу иштелип чыкты. “Кыргызстандын демократияны тандоосу” коомдук бирикмесинин төрагасы Догдурбай Мусабеков бул кайрылуу жалпы коомчулукка, ошондой эле президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке расмий жолдонгонун жарыялады. (RB)

XS
SM
MD
LG