Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

17:30 “Ош жаңырыгы”, “Эхо Оша”, “Уш саадоси” гезиттери чыкпай калуу коркунучу алдында


Ош облустук мамлекеттик акимчилик ээлик кылган “Ош жаңырыгы”, “Эхо Оша”, “Уш садоси” гезиттери мамлекет тарабынан каржыланбагандыктан учурда чыкпай калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук “Уш садоси” гезитинин баш редактору Махаматсали Исмаилов билдирди. Анын айтымында, губернатор Аалы Карашев басылмалардын жетекчилери менен жыл башында жолугушуп, каржылоону улантуу боюнча убадаларды берген. Бирок андан бери сокур тыйын бөлүнө элек. Айла курганда өлкө жетекчилигине кайрылышкан болчу. Акүйдөн ушул күнгө чейин жооп келе элек. Медиа эксперт Асанбек Каракозиев белгилегендей, каржылай албагандан кийин облустук бийликке үч гезит кармоонун зарылчылыгы жок, бирөө гана жетишет. А.Каракозиевдин айтымында, калганын багын байлабай акционерлештирүүгө, же менчиктин башка түрүнө өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. (АТо)

XS
SM
MD
LG