Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

ЭЛ ҮНҮ: КЫМБАТЧЫЛЫК, ТӨРАГАГА БОЛГОН КАПА


“Эл үнү” уктуруусуна бул жолу кайрылгандар электр энергиясынан --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/1DCF37E2-3A11-4DC4-80FA-E913BDB1BE0F.asp тарта бардыгы кымбаттап, кыйын учурлар келатканын, ага бийликтегилер жакшылап чара көрбөй жатышканын, парламенттин ишине канааттанбай калышканын айтышты.

“Эл үнүнө” атайын Ысыкатадан келген Эсеналы Ысаков аттуу ардагер, парламент төрагасы Адахан Мадумаров тууралуу ой-пикирин билдирди. Анын айтымында, Адахан Мадумаров мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда бийликке карата көптөгөн каршы сөздөрдөн айтып, ал бийликти демократиядан четтеп, эл үчүн иштебей жатканын баса белгилеп далай жолу айыптаган. Кала берсе эгер бийликти алардын колуна бере турган болушса бардыгын оңдоп, элге көңүл бөлүнөт деген сыяктуу сөздөрдөн далай жолу жаадырган жайы бар.

“Эми эл бийликти алып бергенден Адахан Мадумаров бат эле баягы айткан-дегендерин унутуп калды. “Ак жолдун” башында туруп алып Жогорку Кеңеште кыргыз жерлерин сатканга чейин барышты. Кыргызда “Аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы” деген сөз бар. Акаев аялынын айынан эмне болду. Эми азыр Бакиевдин увазирлери ошондой болуп атат”,- деди Эсеналы Ысаков.

Ошондой эле Сузак районунан бизге байланышка чыккан ардагер Орунбай Сооронкулов дагы төрага Адахан Мадумаров тууралуу ой-пикирин билдирди. Анын пикиринде, төрага Адахан Мадумаров мурда элге жаккан азаматтардан болчу. Бирок кийинки бийликке кошулуп, бийликтин бийик бутагына конуп, “Ак жолду” баштагандан бери ойлору, айткан-дегендери, кылыктары өзгөрүп, элге жакпай баратат.

“Эми азыр кичинекей фракциялардын мүчөлөрүн мандатыңды таштап кетип кал деп, аларды кысмакка ала баштады. Бул бийлик да өтөт. Ошол маалда мурдагы бийликтин жан-жөкөрлөрүнө окшоп шермендеси чыгып кала турганын бул жигит ойлошу керек эле”,- дейт ал.

Угармандарыбыздын Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров тууралуу тынчсызданууларына, ой-пикирлерине, суроолоруна белгилүү саясат талдоочу Токтогул Какчекеев жооп берди. Анын ырасташынча, эл негизинен туурасын айтып, парламент төрагасы тууралуу суроолорду туура коюп жатышат. “Чиркин турмуш ушундай экен. Кыргыздар “Балам балалуу болгондо билесиң” деп айтышса, орустар “я на тебя посмотрю когда ты станешь начальником” дешет. Эми ошонун бардыгы Адахан Мадумаровго, жеке эле ал эмес бийликтеги бардык адамдарга тиешелүү болуп турат. Булардын бардыгы мурда кыргыз эли үчүн чыркырамыш болуп жүрүшсө, азыр кандайдыр бир манчыркоо сезимдери пайда болду. Ошол себептүү элге булар жакпай атат. Элдин байлыгы бүтүп жери да таланып атат, ошол элге андан бетер жакпай атат”,- дейт саясат талдоочу.

Андан тышкары “Эл үнүнө” физика-математика илимдеринин кандидаты, ардагер Бекташ Илиясов кайрылып, айылдаштарынын, жолдошторунун атынан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жолдоду. Ал казак президентинен Каркыра жайлоосундагы жерди айкөлдүк кылып кыргызга калтырууну суранат.

“Кыргыз төбөлдөрү акылсыздык кылып, эл тарыхын, мүдөөсүн, каалоосун билбей туруп, жагынуучулук, балким өз кызыкчылыктары үчүн ыйык жерди кармата беришти. Ал жер Манас атанын аты менен, кыргыздын тарыхы менен байланыштуу. Көптөгөн кыргыздын улуу инсандарынын ысымы менен байланыштуу ушул жер. Ошол себептүү айкөлдүк кылып кыргыздын жерин кайра кайтарып бериңиз”,- дейт Бекташ Илиясов.

XS
SM
MD
LG