Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Өтүп бараткан аптада өлкөдө бир катар олуттуу окуялар болду. Бул жумада Кумтөр чатагы соттун аралашуусу менен ого бетер ырбады. Кыргызстан менен Тажикстан президенттери Хожент --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/82DEC02C-239E-4B34-A467-13225553B640.asp шаарында жолугушуп, эң талылуу маселелер боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Апта соңунда атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Татарстанда ооруканага түшкөнү, “Ак шумкар” партиясынын саясий майданга кайрадан кайрылып келери кабарланды.

Аптанын башында Кыргызстандын Жогорку Соту Кумтөргө байланыштуу Камеко корпорациясы менен 2003-жылы түзүлгөн келишимди жана Кумтөр кенин иштетүү үчүн берилген үч лицензиянын күчүн убактылуу токтоткон чечимин чыгарды.

Белгилүү болгондой 2003-жылы 31-декабрда Николай Танаевдин өкмөтү «Камеко» менен биргеликте “Центерра голд инк” компаниясын түзүү боюнча келишимге кол койгон. Эгерде бул келишим түзүлгөнгө чейин Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 67% болсо, келишим түзулгөндөн кийин 33% болуп калган. Ал кездеги парламент өкмөттүн токтому мыйзамсыз экендигин белгилеген эки токтом кабыл алган. Бирок ал кездеги өкмөт парламенттин токтомун элес алган эмес.



Азыркы Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков өкмөттүн 2003-жылдагы келишимин жана андан кийин “Центерра голд инкке” кен издөө жана иштетүү үчүн берилген лицензияларын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган. Жогорку Сот Кубанычбек Исабековдун талабын канааттандырганын ал өзү кабарлады:

-Мына бүгүн Жогорку Соттон маселе каралып, үч лицензия токтотулду. Танаевдин келишими дагы токтолду. Иш толук каралып бүткөнгө чейин Танаевдин келишими убактылуу токтотулду. Аны менен кошо Атамбаевдин тушунда берилген лицензиялар да токтотулду. Азыркы комиссиянын иши дурус жыйынтыкталып, канадалыктар менен келишим жакшы болсо, анда кызматташуу дагы улантылып кетмекчи.

Өз кезегинде “Центерра голд инк” компаниясы Кумтөр маселеси эл аралык арбитраждык сотто чечилиш керектигин соттун чечими чыккандан кийин жарыялады.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов бул арада Кумтөр кенине жумуш сапар менен барып, “Центерра голд инк” менен Кыргызстан ортосунда жаңы келишим ушул айдын соңуна чейин түзүлүш керектигин дагы бир жолу кайталады.



Кыргыз өкмөтүнүн Кумтөрдөгү өкүлү, “Кыргызалтындын” башчысы Алмазбек Жакыповдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, азыркы кезде өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков баш болгон өкмөттүк комиссия канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Ал июнь айына чейин жаңы келишимди Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиш керек. Ошондуктан келишимдин мазмуну тууралуу айтуу эртелик кылат.

Кубанычбек Исабековдун айтымында, жаңы комиссия Алмазбек Атамбаевдин келишимин жакшыртууга аракет кылууда. Ал канчалык ишке ашат - аны жакынкы мезгил көрсөтөт.



Кыргыз-тажик президенттеринин жолугушуусу

16-май күнү Тажикстандын Хожент шаарында Кыргызстан менен Тажикстан президенттери жолугушуп, чегараны делимитациялоо, суу-энерегетика, коммуникация, соода багытында кызматташуу маселелери талкуулады.

Расмий түрдө бул жолугушуу өткөн жылы тажик президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга сапарында макулдашылган эки президенттин диалогунун уландысы катары бааланды. Бирок президенттердин жана кеңиртилген делегациялардын жолугушууларынын алдында эки өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчылары баш болгон күч министрлеринин Тажикстандын Исфара шаарында 29-апрелде жолугушуусу болгон. Бул жолугушуунун алдында, 27-мартта Тажикстандын Исфара районунун акими баш болгон 150дөй адам Кыргызстан аймагына кирип келип, суу дамбасын бузууга аракет жасаган. Куралдуу чегара кызматчыларынын эскертүү октору гана аларды токтоткон.

Кыргызстан коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов 29-апрелдеги сүйлөшүүлөрдө мына ушундай окуяларга жол бербөө маселеси талкууланганын “Азаттыкка” билдирген эле.

16-майда болгон сүйлөшүүлөр соңунда эки президенттин билдирүүсү кабыл алынып, анда эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү, бул иштер аягына чыкканга чейин талаштуу деп эсептелген чектеш аймактарда ар кандай чарбалык иштерди жүргүзбөй туруу макулдашылды. Тараптар ошондой эле суу-энергетика, транспорт багытында макулдашуу менен иш жүргүзүү боюнча келишимге жетишкен. Президент Курманбек Бакиев Хожентке жумуш сапардын жыйынтыгына толугу менен канааттанганын билдирди.



Кыргыз-тажик чегарасындагы абалга тынчсыздануусун буга чейин билдирип келаткан Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын депутаты Мурат Жураев президенттердин чегара боюнча сүйлөшүүсүн толук кубаттап, бирок бул аймакта Кыргызстан үчүн кыйынчылыктар боло берерин белгиледи:

-Эки президент чегара боюнча сүйлөшүүнүн графиктерди коюшса, анда дурус болот. Бирок ага карабай бизге кыйын болот. Себеби бүгүнкү күндө биздин 2 миң гектар жер Тажикстанга өтүп кеткен. Өтүп кеткен дегенде кандай, бул эми талаш жерлерге тажиктер көп үй салып, өздөштүрүп алган. Маселен, Хожент жакта суу каналдарын, Чорку, Ворух жактарда мектептерди курган. Ошондуктан кыйын болот. Бирок макулдашуу болсо, эми талаш жерлерди өздөштүрүүгө тыюу салыныш керек. Баары бир кыйынчылык болот. Казакстанга караганда көбүрөөк кыйынчылык болот. Себеби бул жерлерге Тажикстандын индустриалдык борборлору өтө жакын жайгашкан, алардын өздөштүрүүлөрү тез болуп кетет. Ошондуктан маселе бир-эки жылда чечилет деш кыйын. Ал андан узакка созулат. Бирок келишимге жетишилгени жакшы.

Эки өлкө суу-энергетикалык багытта макулдашып саясат жүргүзө турганын билдиришти. Суу башы болгон Кыргызстан менен Тажикстан макулдашылган бирдиктүү позициясы менен өз кызыкчылыктарын коргоого жетише алабы? Бул суроого белгилүү саясат таануучу Валентин Богатыревдун жообу мындай:

-Суу маселесинде эки өлкөнүн кызыкчылыктары толук дал келет. Эгерде алар биригип, суу биримдигин түзүшсө, анда өзүнүн шартын коюуга жетише алат. Бул өтө реалдуу маселе. Маселе, өзүнүн шартын коюуда эле эмес, аны укуктук, цивилизациялык жол менен талкууга алып чыгууда жатат. Эгерде эки мамлекет бириксе, анда ага жетише алат.



“Ак шумкар” партиясы кайрадан айланып учууну каалаганда...

Бул жумада “Ак шумкар” саясий партиясы ишин жандантканы кабарланды. Партиянын азыркы лидери Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, “Ак шумкар” партиясы июнь айында курултайына чогулуп, алдыдагы шайлоолорго катышуу, партияны чыңдоо маселелерин талкуулайт. Айрым талдоочулар эгерде партиянын курамына жаш саясатчылар тартылса, партиянын келечеги болуш мүмкүндүгүн айтууда.

Ал эми партиянын түптөлүү тарыхына келсек, ал алгач Демократиялык күчтөрдүн биримдиги деген ат менен саясий майданда пайда болуп, анын башында Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кубатбек Байболов, кийинчерээк социал-демократиялык партиянын катарына өткөн, азыр ушул партиянын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген Бакыт Бешимов турган.

Андан кийин партия “Ак шумкар” аталып, катарына Осмонбек Артыкбаев, Каныбек Иманалиев, Кабай Карабеков жана башка саясатчылар кирген. Бирок өткөн жылкы парламенттик шайлоонун алдында “Ак шумкар” иш жүзүндө ишин токтотуп, бир катар лидерлери башка партияларга, Кубатбек Байболов жана Темир Сариев баш болгон калган саясатчылар болсо “Ата мекен” партиясынын катарына кошулушкан.

Шайлоодон кийин Кубатбек Байболов саясаттан кеткенин жарыялады. Ал эми Темир Сариев “Ак шумкар” партиясы кайрадан ишин жандантаарын ушул жумада билдирди. Бул партиянын келечеги канчалык? Бул суроого саясат таануучу Валентин Богатыревдун жообу мындай болду:

-Менин оюмча, Темир Сариев жаш муундагы саясатчыларды бириктире алса, анда бир нерсеге жетише алат. Ал саясатчылардын аты чыга элек. Бирок алар бар жана саясатка аралашууга кызыкдар болуп турат. Азыркы кезде болсо “Ак шумкарда” Темир Сариевден баш дээрлик эч ким байкалбайт.



Чыңгыз Айтматов Казанда ооруканага жаткырылды

Быйылкы жылы Кыргызстан атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Улуу жазуучунун мааракеси КМШ мамлекеттеринде да кеңири белгиленип жатканы маалым. Мына ошол мааракеге байланыштуу сапарынын биринде, Татарстандын Казан шаарында жума күнү кечинде Чыңгыз Айтматовдун бөйрөгү ооруп, ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Айтматовдун жакындары Кыргызстандан Москва аркылуу Казанга жөнөп кетишти. Президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен Кыргызстанданы Россиядагы элчиси Райымкул Аттокуров Казанга келди. Элчиликтин маалыматы боюнча, жазуучу менен анын уулу Элдар, андан кийин элчи Аттокуров жолугушуп, ал-абалын сурап чыкты.



Улуу жазуучунун денсоолугу тууралуу маданият жана маалымат министри Султан Раевге ишемби күнү кечинде бир катар суроолор менен кайрылган элек:

“Азаттык”: -Султан мырза, Кыргызстандын атактуу жазуучусу Татарстанда ооруканага түштү деген маалымат айтылды. Сиздер Казан менен кабарлаштыңыздарбы, Чыңгыз Айтматовдун абалы кандай экен?

Султан Раев: -Ооба, мен байланыштым. Бүгүн үч жолу кабарлаштым. Чыңгыз Айтматовдун өзү менен кабарлаша албадым. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Райымкул Аттокуров менен байланыштым, себеби ал азыркы учурда Казанда. Аны менен бир саат мурун сүйлөштүм, Чыңгыз Төрөкуловичтин абалы жакшы болуп калыптыр. Россиянын эң мыкты дарыгерлери Москвадан да келип карап жатышат экен. Чыңгыз Айтматовдун денсоолугу аябай дыкат көзөмөл алдында турат.

“Азаттык”: -Чыңгыз Айтматов жакшы болсо Кыргызстанга алып келүү маселеси каралат деп айтылган эле. Бул кандай чечилип жатат?

Султан Раев: -Азырынча Казанда дарыланат. Жакшы болгондон кийин сөзсүз Бишкекке алып келебиз.

“Азаттык”: -Чыңгыз Айтматов Татарстанда кандай максаттагы сапар менен жүргөн эле?

Султан Раев: -Бул жерде Орусиянын “Россия” телеканалы Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, өмүрү жөнүндө жөнүндө “Кылым карытар бир күн” деген документалдык фильм тартып жаткан. Анан ошол Казанда, Татарстанда Чыңгыз Айтматовдун таята, таенесинин жашаган, сөөгү коюлган жерлер бар экен. Ошол жерлер да тартылмак. Фильм Кыргызстанда да тартылган. Чыңгыз Айтматовдун бир эле фильм эмес, Татарстан президенти Минтемир Шаймиев, Казандын коомчулугу, маданий чөйрөсү менен жолугушуусу, бир топ программалары бар болчу.

“Азаттык”: -Кыргызстандан Казанга дарыгерлер барышы мүмкүнбү? Алар дарылоого катышабы?

Султан Раев: -Албетте. Менин маалыматым боюнча, Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов азыр Казанда. Аны менен кошо белгилүү дарыгерлер да барган.

“Азаттык”: -Демек биздин дарыгерлер атайын барып, алар да дарылоого катышат экен да?

Султан Раев: -Ооба, алар да барышты. Негизи Москвадан келген, Казандын мыкты дарыгерлери Чыңгыз Айтматовдун денсоолугун карап жатат. Акыркы маалымат боюнча Чыңгыз Төрөкуловичтин денсоолугу бир кыйла жакшы.

“Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG