Бул тууралуу жума күнү Руспубликалык “СПИД” бирикмесинин жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонддун өкүлдөрү маалымат жыйынында кабарлаган. Алардын айтымында, 2001-жылы БУУнун Башкы сессиясында 189 өлкө ВИЧ/СПИД менен күрөшүү боюнча Декларация кабыл алган. Жалпысынан бул илдет менен күрөш 25 жылдан бери жүрүп келет. Статистикага ылайык жыл сайын дүйнө жүзүндө 3 миллион адам СПИДден көз жумат, алардын 600 миңин балдар түзөт. (ZMa)