21-майда “Миграция: Жибек жолунун башка жолу” аттуу 15 мүнөттүк даректүү тасманын бетачаары болот. Тасмада Ош облусунун Ылай-Талаа кыштагындагы бир нече үйбүлөнүн тагдыры чагылдырылган. Бул тасма эмгек миграция маселесин көтөрүп, анда миграциянын үйбүлөгө, денсоолукка жана балдардын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу айтылат. Аталган тасма 2 жыл бою тартылып, анын үстүнөн Швейцариянын Цюрих университетинин география илимдеринин доктору Сьюзан Тием жетектеген топ иштеген. Тасма эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча индиялык “Лос Панос” уюмунун көмөгү менен тартылган. (ZMa)