Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Кыргызстандын Тажикстан, Өзбекстан менен чек арасы толук такталып бүтө элек. Экономикалык оорчулуктун айнынан чек арага жакын жайгашкан айылдардан үйүн чет өлкө жарандарына сатып, башка жактарга көчүп кеткен кыргызстандыктардын катары көбөйүүдө. Бул өз кезегинде өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө, чек аралардын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/1DD86FC4-D83D-49C0-B5E5-8930BE05ED6F.asp такталышына терс таасирин тийгизет. “Бетме-бет” талкуусунда Кыргызстандын түштүгүндөгү социалдык-саясий, экономикалык проблемалар жайында кеп болуп, ага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов, парламент депутаты, Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков катышты.

Бекташ Шамшиев: - Мирослав мырза, Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен чек арасынын эмдигиче такталбай келатышынын негизги себеби эмнеге байланыштуу?

Мирослав Ниязов: - Негизи чек ара проблемасы бир заматта чечилбеген оор маселе. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын алсак, көп жылдар бою тактай албай жүргөндөр да болуп жатат. Эми биз болсо эртеби-кечпи аны тактайбыз дечи, бирок, чындыгын айтканда, убакыт абдан көбүрөөк кетип жатат. Ошол чек арада турган эл да кыйналып жатат. Чечилбеген маселеси элге оордукту алып келип жатат.

Биз бийликти жер-жерлерге бербей, баарын борборго топтоп, президент колуна өткөрүп койгонбуз. Бийлик деген жер-жерлерге таралып кетет. Ушул проблемага, ушул маселеге жергиликтүү бийлик кийлигишпейт. Буларды кийлигиштирбейт да.

Туура, чек ара проблемасы дагы көп жылдар болот. Негизги проблема биздин мамлекеттин түзүлүшүндө жатат. Ушуну карашыбыз керек. Башкаруy системасын караштырып көрүү зарыл. Ошондо жалпы проблемаларды чече алабыз.



Бекташ Шамшиев:- Жусупжан мырза, сиз Ошто иштедиңиз, Жалалабат облусун башкардыңыз. Жергиликтүү бийликти чек ара маселесин чечүүгө катыштырбоо, анан да ошол жердеги социалдык-саясий маселелерди жеринен өз алдынча чечип коюуга анын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ушyл маселеге кедерин тийгизип жаткан жокпу?

Жусупжан Жээнбеков: - Бул өзү абдан татаал, убакытты көп талап кылган маселе. Бирок ошону менен бирге эле биз убакыттан уттуруп жатабыз. Анын себеби эмнеде болуп жатат?

Биздеги социалдык-экономикалык өнүгүү кашаңдап, жер-жерлерде бийликти элге бербей, баарын бир жерден башкаруунун натыйжасында бизде боштуктар көп болууда. Анан да четке кеткен жаштарыбыз көп.

Мына мен жакында округду кыдырып келдим. Мына ошол жерлерде жай казганга, көр казганга жаштар калбай калыптыр. Элүүдөн ашкан адамдар 9 – 10-класстын балдарын алып жай казып жатышат. Чөп чапканга жаштар жок. Ал боштук коңшу өлкөлөрдүн эсебинен толуп жатат. Секин-секин жылып келип, чек арадагы арыктын бер жагына тазалап отурук алып, толуп баратышат.

Чек араны тактоону тездетиш керек. Мына мен билгенден Жалалабат облусунда 1700 километрден ашуун коңшө өлкө менен чек ара бар. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин 22 жер чечиле элек. Ошондой чечилбей келаткан жерлердин бири Алабукадагы биздин лагерь. Өтүп кетти.

Суу сактагыч, бүгүнкү күнгө чейин коңшу өлкөнүн аскерлери тарабынан кайтарылат. Суу биздин аймакта. Көп маселелер оор болуп жатат. Мына Баткен облусун алсак, бир үй тажиктики болсо, бир үй кыргыздыкы, ошентип кете берет. Ошондон мен ойлойм, биздин коңшу мамлекеттердин чек ара маселесин чечкенге деле кызыкдарлыгы жок. Себеби алардын эли көп экен, бизге окшоп аз эмес.

Мен алардын ички ишине кийлигишпей эле коеюн. Эң негизгиси биздин ошол чек арада жашаган жарандарыбызга социалдык жагынан колдоо көрсөтүлсө жакшы болор эле. Алар ошол жерде такай жашап калышы үчүн шарт түзүп беришибиз зарыл.

Чек араны аскерлер менен коргой албайбыз. Жергиликтүү эл менен гана чек араны коргой алабыз. Жер-жерледеги бийликте деле бар. Мисалы, Араван районунда жергиликтүү бир жетекчи жерди сатып ийген. Баткен менен Лейлекте да жерди өткөрүп бергендер бар. Ошентип өзүбүздөн деле чыгып жатпайбы балтага сап болуп берчүлөр. Андыктан бул маселени катуураак карап, жергиликтүү эле шарт түзүп, колдоо көрсөткөндө жакшы болор эле.



Бекташ Шамшиев:- Мирослав мырза, мына бул жерде чек ара маселесинин ыкчам чечилишине коңшу өлкөлөрдүн анчалык деле кызыкчылыгы жок, деген ой айтылып кетти. Сиз Коопсуздук кеңешин башкардыңыз, маселени жакшы билесиз, ушундай пикирдин канчалык деңгээлде чындыгы бар?

Мирослав Ниязов: - Бул жерде жалаң эле чек араны бөлүп карай турган болсок, мен ойлойм, анча-мынча адашып кетишибиз мүмкүн. Бул проблема комплекстүү түрдө каралса болмок эле дейм да. Анткени мынабу коңшу мамлекеттер менен ичара ишеним болсо, түз мамиле болсо чек ара маселеси деле акырындык менен чечилип келе бермек. Мисалы, Тажикcтан менен чек араны айрым адамдар эң чоң проблема деп айтып жатышат.

Мен ойлойм чек ара анча деле чоң проблема эмес. Проблема, албетте, бар. Бирок биз Тажикстанды стратегиялык өнөктөш катары, мынабу суу сактагыч, энергетика боюнча жакын болушубуз керек.

Орто Азия суусунун 90% жакынын Кыргызстан менен Тажикстан берет. Ошол жагынан биз жакшы иштешип, бир консорциум таап, сүйлөшүп, баарын комплекстүү караганда чек ара проблемалары да акырындык менен, тынчтык жол менен чечилип келмек. Ошондой эле стратегиялык максатта Өзбекстан, Казакстан менен биртоп орчун маселелерди чечүүгө болор эле.

Бекташ Шамшиев:- Жусупжан мырза, бул жерде суу маселеси да козголуп калды. Мына быйылтан баштап Кыргызстан, дегеле Борбор Азия кургакчылыкка туш келип жатат. Суу мындан да аз болору айтылууда. Суунун айланасындагы маселелер коңшу өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык алака-катышка өзүнүн таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Жусупжан Жээнбеков: - Суу маселеси экономикалык жактан да, саясий жактан да өзүнүн таасирин тийгизет. Коңшу мамлекеттердеги эң негизги стратегиялык кызыкчылыктарын көздөп, ичара ынтымак жашаса болот. Бирок да бир тараптуу болуп, “мен сага бербейм, сен мага бересиң” дегенге келгенде бизде саясий эрк жетишпей калып жатапайбы.

Мына мен билгенден суу сактагычтар боюнча Казакстан жылына 129 миллион сом төлөп бериши керек. Себеби суу бизде сакталып жатат. Канча жерибиз эрозияга учурап, жок болуп жатат. Ошондон мына 17 жыл болду 10 миллион сом гана төлөп берди.

Ал эми Өзбекстан бир тыйын да төлөгөн жок. А биз газга төлөп жатпайбызбы. Мен бул жерде жалаң сууга деп жатканым жок. Ошол сууну сактап бергенге, суу сактагычтарды кармоого кетчү каражатты биргеликте төлөп, биргеликте чечкенде, экономикабызга жакшы шарт түзүлмөк.

Мына Тажикстан менен биз суунун башында турабыз. Газ менен мунай коңшуларда болгондон кийин ортодогу аласа-береселерди тактап, чек араны тактап, ал жерде жашаган элдин социалдык маселелерин карап, чогуу экономикалык өнүгүп-өсүүгө шарт түзсөк болор эле деп ойлойм. Бул жерде келишимден да анын аткарылышын бекем көзөмөлгө алган саясий эрк керек.



Бекташ Шамшиев: - Мирослав мырза, бийликтин бир колго топтолушунан көп маселелердин чечилиши кечеңдеп, узакка созулуп кетүүдө деп айттыңыз. Кыргызстандын түштүгүндө айpыкча чек арага жакын калктын ичинен үйүн сатып өлкөнүн түндүгүнө же башка жакка көчүп кеткендер аябай көбөйүп кетти. Азыр дагы жаштардын паспорт алып эле чет жерге кетүүсү күчөп кетти. Бул Кыргызстандын түштүгүндө өзгөчө көп болуп жатат. Сиздин оюңузча, бул маселени чечүүнүн жолу барбы же кризис дагы тереңдегенден-тереңдеп кете береби?

Мирослав Ниязов: - Бул жалаң эле жаштардын проблемасы эмес. Жалпы эле социалдык ахыбал, элдин турмушу жылдан-жылга начарлап кетип атканы элдин баарына дайын. Эгемендикти алгандан берки 17 жылдык турмушубуздан бир жыйынтык чыгарсак болор эле.

Биз өйдө кетпей, ылдый кетип жатабыз. Эмне себептен ушундай болууда? 15 жылдан бери президент парламент экөө бийлик талашып келди. Мунун түк пайдасы болгон жок. Эң чоң проблема ушул жерде, мамлекет түзүлүшүндө.

Президент эч качан чексиз бийлик менен мамлекетти жакшы башкара албайт. Облус, район, айылда эмне болуп жатканын ал ийне-жибине чейин биле албайт. Мынабул бийликти жер-жерлерге бериш керек. Ошол губернаторлорду эл шайлашы керек. Губернатор президенттин эле оозун карабай, элдин алдында, шайлоочулардын алдында жооп бергидей болушу керек. Демократия болгон жерде мындайлар жок.

Эртеби-кечпи биз дагы бул жолго келебиз. Бирок ага кантип келебиз? Тынч жол менен келебизби же чыр-чатак мененби? Буга жакшы жол менен барышыбыз керек. Ошон үчүн бүгүнкү коомубузда болуп жаткан кемчиликтердин баары мамлекеттик түзүлүшүбүздүн туура эместигине байланыштуу.

Бекташ Шамшиев:- Мамлекеттик бийлик вертикалы жөнүндө көп сөз болуп келатат. Мына ошол кезде эле айыл-айылдарда жаштардын кыйгас чет жерге кетүүсүнөн кол күчү жетишпей жатканы бул жерде айтылды. Бийлик тарабынан мына ушул социалдык маселени чечүүнүн аракети жасалып жатабы? Жусупжан мырза, ушул оор социалдык проблема саясий да өң-түс алганы турат, сиздин оюңузча, аны чечүүнүн жолу барбы?

Жусупжан Жээнбеков: - Мына бул жерде шайланыш керек деп айтылып кетти. Мен да аны туyра көрөт элем. Азыр шайлоого бираз эрте. Бирок келечекте буга сөзсүз барышыбыз керек. Эң негизгиси губернаторго, акимге бийликти колуна бериш керек. Жер-жерлердеги жетекчилер, айыл өкмөттөрү менен тыгыз иштөө зарыл.

Ал эми кетип жаткандар тууралуу болсо. Мына биздин аймактан эле Москвада 2500 бала бар. Айына жүз доллардан почта аркылуу жөнөтсө канча акча жылына келип жатат? Мен эң азын гана алып жатам. Жылына 250 миң доллар. Ошонун баары бул жердеги көп маселелерди чечип жатат. Бийлик болсо салыкты көбөйтүп, салыктан көп акча түшкөнүн айтып, өндүрүштү токтотуп салып эле ички дүң продукт көбөйгөнүн айтып кыйкырып жатат. А эртеңки күнү бул жок болуп калса кантебиз? Азыр көтөрүлүп бараткан график төмөнгө түшүп кетсе биз чуңкурдан чыга албай калышыбыз мүмкүн.

Мына Карасуу шаарын мисалга алайын. Ал жерде Кытай жарандары батпай кеткен. Ар бир үйгө кирсеңиз – ал жерде кытай. Ижарага алып, соодасын кылып ошол жерде жүрүшөт. Бул жердеги боштуктун ордун алар ошентип толтуруп жатышат. Биздин балдар Казакстан Орусия, Түштүк Корея, Америкага чейин кетип жатат. Бош калган орунду башка жактан келгендер толтуруп жатат.

Биз ушул келечекти ойлоп, патpиоттук стратегияны иштешибиз керек эле. Ал эми идеологияны башкарчу мамлекеттик катчынын орду эмдигиче бош турганына мен аябай таңмын. Өткөн жылы 8 ай өкмөт башчынын биринчи орунбасары жок турду. Ал жерде болсо эки тизгинди бир адам эле азыр башкарып олтурат. Кадр маселесин да, идеологияны да ошол чечип олтурат. Президент ооруп чет жерге кетсе коллегияны да ошол өткөрөт. Өкмөттөр ортолук маселелерге кол коюп олтурат. Бул кандай дегендик?



Бекташ Шамшиев:-Мирослав мырза, мына жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздук кеңеш катчылары, андан соң президенттер жолугушту. Мына ушул жолугушуулар ортодогу проблемалдарды чечүүгө шарт түзөбү?

Мирослав Ниязов: - Биринчиден, мынабул жолугушуулардын болуп жатканы жакшы нерсе. Жолугуп, сүйлөшүп, бийик жерде кандай чечим алат экен деп күтпөй, жер-жерлерде губернаторлор болобу, Коопсуздук кеңеши, Чекарачылар кызматы, Ички иштер министрлиги, коопсуздук кызматынын биринчи адамдары тез-тез жолугуп, проблемаларды ортого салып, көпчүлүк проблеманы тынчтык жол менен чечкенге мүмкүнчүлүк бар. Мен жолугушууларды толугy менен колдойт элем.

Биз мамлекеттик түзүлүшүбүздү өтө терең реформа кылбасак ошентип төмөндөп кете беребиз. Ылдыйлап кете беребиз. Алдыга эч жыла албайбыз.

Бекташ Шамшиев:- Жусупжан мырза, сизге деле ушул эле суроо.

Жусупжан Жээнбеков: - Жер-жерлерде ушул маселелерди чечүүнүн жолун аныктап, андан кийин аткаруу бийлигине, президентке, Коопсуздук кеңешине, министрлерге алып келип аны чечүүнүн жолун айтса, жергиликтүү бийликке шарт түзүлүп, андан алардын аткарылышын талап кылса ушул маселе тез, жакшы, анан да тынч чечилмек. Азыркы күндө бул маселе кээ бир жерлерде чыйкандай шишип, жарыла албай турат. Жарылып кеткенден Кудай сактасын!

Бекташ Шамшиев: - “Азаттык” үналгысына келип куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат! Ишиңиздер ийгиликтүү болсун!
XS
SM
MD
LG