Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

ПАКИСТАНДЫН ООГАНСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ БАРЫМТАДАН БОШОТУЛДУ


Пакистандын Ооганстандагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/61B878F6-DFE0-465D-AA9E-39E885EC9574.asp элчиси ишебиде барымтадан бошотулуп, үйүнө аман-эсен кайтып барды. Тарик Азизуддин 3 ай мурун исламчылар деп шектелген топ тарабынан уурдалып кеткен. Элчи менен кошо анын айдоочусу жана жеке сакчысы бошотулду.

Равалпинди шаарындагы резиденциясында Азизуддинди жакындары, достору, журналисттер тосуп алышты.

“Кудайга шүкүр, өкмөттүн аракеттери менен мени азат кылышты”, - деди элчи:

-Мени 16-майда Пакистан өкмөтүнүн кийлигишүүсү менен, премьер-министрдин, ички иштер министр орунбасарынын буйругу боюнча, жалпы Ички иштер министрлигинин аракеттеринин натыйжасында кое беришти.

Азизуддин туткунда ага жакшы мамиле кылынганын кошумчалады. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги элчинин айдоочусу менен сакчысы да бошотулганын билдирген.

Анын азат кылынышы Пакистандын жаңы өкмөтү согушкер топтору менен жүргүзүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө дал келди. Бирок премьер-министрдин коопсуздук боюнча кеңешчиси Рехман Малик Азизуддин мыйзам коргоо органдарынын операциясы натыйжасында кое берилди деп, жоочулар менен эч кандай соодалашуунун болбогонун билдирди.

Ажанс Франс Пресс агенттиги Пакистан коопсуздук органдарынын атын атабаган расмий өкүлүнө шилтеме жасап кабарлаганына караганда, элчи Хайбердеги талиптердин туткунунда кармалып келген.

Ал 11-февралда Пакистандын Пешавар шаарынан Кабулга бараткан жеринен уурдалган. Мындан бир айча мурун элчи тартылган тасма ал-Арабия каналынан көрсөтүлгөн. Анда Азизуддин Ооганстан менен чегара аймагында талип мужахеддери тарабынан кармалганын айтып, Пакистан өкмөтүн согушкерлердин талаптарын аткарууга үндөгөн. Ал кандай талаптар экенин тактабагы менен, жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, талиптер туткундарын бошотууга чакырышкан.

Арийне Пакистандагы талибандын маалымат өкүлү элчини уурдоого уюмдун тиешеси жок болчу деди.

Пакистан менен Ооганстандын чегарасындагы аймак талипчил жоочулардын баш паанегине айланган. Акыркы айларда чөлкөмдө жүздөгөн адам барымтага алынып, өлтүрүлгөн.

Азизуддин бошотулган күнү Пакистандын коопсуздук күчтөрү Ооганстан менен чектеш Балучистан провинциясында талиптердин кол башчысы молдо Мансур Дадулланы колго түшүрүштү.

XS
SM
MD
LG