Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

8:18 "Акыйкат үчүн!" бүгүн координациялык кеңешке чогулат


Оппозициячыл “Акыйкат үчүн!” кыймылынын координациялык кеңеши Коомдук парламенттин күн тартибин бүгүн экинчи ирет талкуулаганы жатат. Кыймылдын кеңсесинен алынган маалыматка караганда, координациялык кеңеш коомдук парламент кабыл ала турган резолюциянын долбоорун карайт. Координациялык кеңештин жума күнкү отурумунда оппозициялык күчтөр коомдук парламент отурумунун 21-майга болжоп, күн тартибине жети маселени киргизген. Алардын катарында Түп окуясынын сабактары, азык-түлүк, чегара коопсуздугу, ЖОЖдорду акционерлештирүү, “Телерадиоберүүлөр жөнүндөгү” мыйзам бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG