Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

“Ак шумкар” партиясынын курултайын июндун экинчи жарымында өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу билдирген аталган партиянын лидери Темир Сариевдин айтымында, курултайда партиянын уставына кошумчалар киргизилип, партиянын атын өзгөртүү маселеси да каралышы мүмкүн. Айрым байкоочулар “Ак шумкар” партиясын күчүн жоготкон, элдин колдоосуна ээ болбогон партия катары эсептешүүдө. Ал эми белгилүү саясат таануучу Марат Казакбаев “Ак шумкар” оппозициялык партия катары “Ата Мекен” партиясы менен чогуу иш алып барса коомчулукта бир топ абройлуу болот эле деген пикирде.

14-майда «Ак шумкар» партиясынын саясий кеңешинин отурумунда партияны жандандыруу боюнча чечим кабыл алынган. Ага байланыштуу бир катар иш аракеттер көрүлүүдө. Аталган партиянын лидери Темир Сариевдин айтымында, «Ак шумкардын» бир топ мүчөсү саясатка кийлигишпейбиз деп партиянын катарынан чыгып кетишкени менен тилектеш экендиктерин, ачык болбосо дагы колдой тургандыктарын билдиришүүдө.

-Бизди колдогон адамдар көп. Курултайда балким «Ак шумкар» партиясынын аты да өзгөрүшү мүмкүн. Азыр ар түрдүү сунуштар болуп жатат. Партиянын программасы болот, уставдык өзгөртүүлөр болот. Уюштуруу маселелери каралат. Бир топ өзгөрүүлөр болот. Мен ойлойм ошондон кийин «Ак шумкар» партиясы элди ишендирип артынан ээрчитип кете турган таасирдүү саясий күч болот.

Темир Сариев белгилегендей өткөн жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Ак шумкар» партиясынын мүчөлөрүнө бийлик тарабынан катуу кысым көрсөтүлгөндүктөн бир нече саясатчылар аталган партиянын катарынан чыгууга аргасыз болушкан.

Коомчулукка маалым болгондой «Ак шумкардын» тең төрагалары Кубатбек Байболов, Бакыт Бешимов, мурдагы депутаттар Султан Урманаев, Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана депутаттар Осмонбек Артыкбаев, Кабай Карабеков партиянын катарынан чыгып кетишкен. Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболовага дагы «акүйдөн» кысым көрөстүлүп, аны шаардык кеңештин төрайымы кызматынан алышканда шаардык кеңештеги «Ак шумкар» партиясынын ондон ашуун мүчөсү партиянын мүчөлүгүнөн чыгууга аргасыз болушкан. Айрымдары «Ак жол» партиясына өтө качышкан эле. Аталган партиянын тең төрагасы Кубатбек Байболов бийлик текшерүүлөр менен чектелбей, оппозицияга кысым жана зордук көрсөтүп, анын менчигин тартып алуу максатында коркутуп үркүтүүгө чейин барып, үйбүлөсүнө жана жакын туугандарына коркунуч туулганда саясаттан кетерин жыл башында айтып атайын билдирүү жасаган. Эгерде Байболов кайрадан саясатка кайрылып келем десе, ал киши үчүн жол ачык дейт,- Сариев.

- Эгерде Байболов кайрадан саясатка аралашып келем десе, ага ар дайым жол ачык. Бирок бүгүнкү күндө ал буга чейин саясий билдирүү жасаган, ошонун негизинде турат.

Сариев “Ак шумкардын” катары белдүү саясатчылар, таланттуу, билимдүү жаштар менен толукталаарын белгиледи.

Айрым байкоочулар “Ак шумкар” партиясы парламенттик шайлоодон кийин саясий жүзүн жоготуп, эл ишениминен кетти деген пикирде. Ал эми саясат таануучу Марат Казакбаев болсо аталган партия боюнча социологиялык сурамжылоолор жүргүзүлгөндө “Ак шумкарда” таасирдүү саясатчылар аз экендиги көрсөттү дейт.

- “Ак шумкардын” өзүнчө күчү жете албайт. Себеби дегенде партия Сариевдин аты менен эле иштөөдө. “Ак шумкардын” электораты аябай эле аз болуп жатат. Бирок аталган партиянын багыттарын карасак көбүнчө “Ата Мекен” партиясы менен абдан окшош. Ошондуктан мен ойлойм “Ак шумкарды” оппозициялык партия деп айтууга толук негиз болуп аткандан кийин, “Ата Мекен” менен биригишип иш алып барса коомдо алардын оорду бир топ таасирдүү болмок-деди Марат Казакбаев.

“Ак шумкар” партиясы былтыр апрель айында түзүлүп, анын мүчөлөрү он миңге чукул экендиги маалымдалган эле.

Аманбек Жапаров, Бишкек
XS
SM
MD
LG