Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

15:05 Немец догдурлары Чыңгыз Айтматовду дарылоого киришти


Мындай маалыматты “Татар-информ” агенттиги жазуучунун кеңешчиси Алимжан Мирзаевдин айтканына шилтеме жасап таратты. Мирзаевдин маалыматына караганда кечээ түнү Чыңгыз Айтматов Татарстандан Германияга учак менен кыйналбай эле жеткен. Аны кичүү уулу Элдар коштоп барган. Бүгүн эртең менен Айтматовдун жубайы жана улуу уулу Аскар Айтматов Германияга келишти, -деп кошумчалаган Мирзаев. Казандын дарыгерлери консилиум өткөрүшүп түндө күчөтүлгөн дарылоо жүргүзүү үчүн жазуучуну Германиянын бир клиникасына жөнөтүшкөн. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG