Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:48

Өткөн жума күнү Тажикстандын Ходжент шаарында кыргыз-тажик президенттери жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөңдүгү белгилүү. Анда чегара маселелер тууралуу да сөз болуп, эки президент тең мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо ишин тездетүүнү, чегара тактоо иштери бүтмөйүнчө чектеш аймактарда чарбалык иштерди жүргүзүүнү токтото турууну белгилешти. Кыргыз-тажик чегара маселелери тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов менен "Азаттыктын" түз обосунда маектештик.

- Ходженттеги жолугушууда эки президент тең чегара тактоо иштерин тездетүү зарылдыгын белгилешти. Кыргыз-тажик чегарасын аныктоо иштери азыр кайсы деңгээлде?

- Бүгүнкү күндө 2002-жылдан бери тажиктин делегациясы менен 16 жолу жолугуштук. Ошол аткарылган иштердин учурунда 970 км. чегаранын 489 километрин тактаганга жетиштик. Бул маселе өтө көйгөйлүү болгондуктан, 16-майда Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев менен Тажикстан Республикасынын президенти Имомали Рахмон Тажикстандын Ходжент шаарында жолугушуп, бөлөк маселелер менен бирге эле чегара маселеси жөнүндө алар пикир алышты. Пикир алышуунун негизи биринчиден, азыр делимитация боюнча иштеп жаткан эки тараптын эксперт делегацияларынын ишин активдештирүү маселеси каралды. Ошондой тапшырма берилди. Экинчиден, президенттер бул иштин өтө татаалдыгын баса белгилешти. Ошондой эле бул проблемаларды бүгүнкү күндөгү муундар калыптандырбагандыгын дагы айтып өтүштү. Бул өзү бизге Советтер Союзу учурундагы тарыхтан калган татаал мурас катары эсептелет.

-Саламат мырза, эки өлкөнүн чегинде талаштуу делген тараптар бир пикирге келалбай жаткан канча аймак бар?

- Бүгүнкү күндө биз Тажикстан менен талаштуу баланча жер бар деп айтууга мүмкүнчүлүк жок. Себеби жанагыдай пикир келишпестиктер пайда боло турган өрөөндүү аймактарга биз азыр жете элекпиз. Ошол жердеги чегара акыбалын биргелешип талкуулай элекпиз. Бул жанагы маселенин татаалдыгына жана эки тараптын бүгүнкү күндө ошол ишти кайсы укуктук негиздерде жүргүзүшүн макулдаша албай аткандыгыбызга байланыштуу болуп келген. Эми буюрса эмики жолугушууларда дагы укуктук маселелер боюнча талкуулоо болот. Ошондо биз өрөөн жактан чарбалык иштер өтө активдүү жүргүзүлүп аткан жактарга келсек, мына ошондо кайсы жерден биздин пикир келишпестиктер болуп аткан жерлерди тактап алып, ошонун санын да аныктай алабыз.

-Демек ушул аймактарды тактоо иштеринин укуктук негиздери боюнча тараптар дагы эле бир чечимге келе элек экен да анда?

- Ооба, ошондой болуп атат. Себеби бул абдан татаал жана негизги маселенин бири болуп атпайбы. Эгерде ал маселе чечилсе анда биздин иш дагы тез жылаарына шек жок эле.

-Ошол талаштуу аймактар акыркы убактарда бир тараптуу, көбүнчө тажик тараптап өздөштүрүлүп жатканы тууралуу да сөздөр жок эмес. Чегара тактоо иштери бүтмөйүнчө чектеш аймактарда чарбалык иштерди жүргүзүүнү токтотуп турууну эки президент да баса белгилешти. Сиздин оюңузча анын натыйжасы кандай болот. Себеби буга чейин да ар кандай деңгээлде мындай макулдашуулар бир канча жолу болуп келген эле?

-Президенттер бул маселени биринчи иретте жергиликтүү бийликтерге тапшырды. Себеби алар ар дайым ошол жерде болгондуктан, күнүмдүк турмуштагы жанагыдай чегара тилкесиндеги тартип бузууларга көз салып, көзөмөл кылып, өзүнүн карамагындагы түрдүү органдарды пайдаланып туруп, ошону токтотууга кудурети жетет. Мына ошол ишти жергиликтүү бийликтердин өтө катуу көзөмөлгө алып жана ар дайым чегара тилкесиндеги элдердин ортосундагы боло калуучу конфликтерден алыстатууга тапшырма берилди.

-Сиздин баамыңызда кыргыз-тажик чегарасын аныктоо иштери дагы канча убакытка чейин созулушу мүмкүн?

- Эгерде биз жанагы укуктук негиздерге келишип алсак, анда 2-3 жылдын ичинде тактап бүтөт элек деп болжоого болот. Укуктук негиздерди тактоо иши бардык ишти кармап турат.

Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG