Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

КЫТАЙ АЗА КҮТҮҮДӨ


Кытай дүйшөмбүдөн тартып үч күн аза күтөт. Бүт өлкөдө мамлекеттик желектер түшүрүлөт, оюн-шоок,көңүл ачар иш чаралар өткөрүлбөйт, Олимп отунун коноо жарышы да токтотулат. Сычуандагы зилзаланын курмандыктары --> http://azattyk.kg/rubrics/society/ky/2008/05/1CE3746B-7AB2-4546-80BD-49B8530C30BC.asp соңку маалыматтарда 34 миңден ашканы айтылат. Бийликтер алардын саны 50 миңге барышы мүмкүн дешет.

Өкмөттүн болжолдуу эсептеринде эле ар түрдүү жаракат алгандар 220 миңден ашат, үй-жайсыз калгандар жарым миллионго жакындап барат. Дайыны табыла электер да он миңдеп саналат. Сычуандын өзүндө эле 14 миң ишкана кыйрады. Бийликтер урандылар алдында бери дегенде 10 миңдей киши бар болуу керек деп болжолдошот. Зилзаланын жалпы зыянын өкмөт азырынча 10 миллиард доллар өлчөмүндө баалап жатат.

Бирок Сычуанда жердин силкингени дале басыла элек. Дүйшөмбү күнү эле жер алды 24 жолу термелди, эң күчтүүсү 5,4 баллга жетти. Акыры бир аптанын ичинде баары болуп 150 силкинүү катталды. Алардын айынан айрым аймактарда жер көчтү, кай бир райондордо нөшөрлөгөн жаан басылбай, куткаруу-издөө иштерин ого бетер кыйындатты.

Кытайлыктарга Япониядан, Россиядан, Сингапурдан, Түштүк Кореядан жана Тайвандан келишкен куткаруучулар, врачтар жардамдашууда. Жекшемби күнү урандылар алдынан 60 адам табылды. АКШдан гуманитардык жүктөрдүн алгачкы эки партиясы келди. Британия да куткаруучулар бригадасын жөнөткөн эле, бирок кытай бийликтери аларды кабыл алгандан баш тартышты.

Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао дүйнө коомчулугуна ыраазылык билдирди. Жалпы жардамдын көлөмү ушу кезде эле 800 миллион доллардан ашты.

Сычуандагы бу табигый кырсык 12-майда башталган эле. Ошо күнү түш ооп калганда жер силкинип, анын күчү дээрлик сегиз баллга жеткен. Дүйшөмбү күнү дал ушул саатта көңкү кытай үч күндүк азага турду.

Сычуан жалпы улуттук кайгыга айланды. “Кыйраканы чыккан шаарларды, көчөдө калган адамдарды телеэкрандан көргөндө токтоно албай ыйлап жиберем, бул кырсык өтө чоң касирет болду”, - деп айтты өлкөнүн борборунда жашаган тургундардын бири. Экинчи бир аял жабыр тарткандарга күнү-түнү тыным албай жардамдашып жаткан солдаттарга, бардык куткаруучуларга ыраазылыгын айтып, алардын көмөгү аркасында кырсыктын күйүтү саал болсо да жеңилдеп, көчөдө калгандар үй-жайга ээ болоруна ишеничин билдирди.

XS
SM
MD
LG