Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Мянма каттуу бороондон жабыр таркандарга жардам көрсөтөм деген чет элдик жарандарды өлкөгө киргизүүгө макул болду


Көптөгөн сүйлөшүүүлөрдүн натыйжасында Мянманын аскер бийлиги чет өлкөлүк дарыгерлерди өлкөгө киргизүүгө ынанды. Учурда Мянмадагы акыбалды жөнгө салуу боюнча Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясы-АСЕАН жолугушуу өткөрүүдө. Сингапурдун тышкы министри Жорж Йео ырастагандай, Мянма эми Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн дарыгерлерин кабыл ала баштайт. Буга чейин Мянманын аскер хунтасы эл аралык гуманитардык жардамдарды кабыл алууну кечеңдеткени үчүн дүйнөлүк коомчулуктун катуу сынына кабылган. Мянмада эки жума мурун катуу бороон-чапкын болуп, учурда 2,5 миллон адам жардамга муктаж. Мянма өкмөтүнүн маалымдашынча, “Наргис” циклонунун кесепетинен улам 78 миң адам каза тапкан. Ушул жума ичи Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Мянманын аскер бийлигин көбүрөөк жардам алууга көндүрүш үчүн Мянмага барат.

XS
SM
MD
LG