Бүгүн Кытай эли каттуу зилзаладан курман болгон 10 миңдеген кишилерди үн чыгарбай эскерип, 3 мүнөткө аза күтүштү. 3 мүнөт ичи өлкө боюнча жымжырттык сакталып, бир гана сиреналардын ачуу үнү угулуп турду. Үч күндүк аза күтүү Кытайда ушундайча күтүү башталды. Расмий маалыматтар боюнча капсалаң 34 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Бирок Кытай өкмөтү ажал тапкандардын саны 50 миңге жетиши ыктымал экенин айтышууда.