Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

Кыргызстан айыл чарбасына өзгөчө чоң коркунуч туудурган Марокко чегирткелерин жок кылуу аракети бир жарым айдан бери жүргүзүлүүдө. Айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министрлиги эгин аянттарына чегирткени жок кылчу уу дарылар чачылып жатканын, бул иш мындан ары такай улантыла тургандыгын билдирүүдө. Бирок да айрым адистер Кыргызстандын эгин талааларына чоң коркунуч алып келчү зыянкечтерге каршы иштер ырааттуу жүргүзүлбөй жатканын айтышат.

17-майга карата 80 миң гектирге жакын жердин 58 миңинен ашуун гектир жерге чегирткеге каршы уу дарылар чачылганын Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министри Арстанбек Ногоев маалымдады. Тармак жетекчиси Кыргызстандын түштүгүндөгү жагдайдын кандайлыгын жакында элө өзү атайын барып көрүп келгенин кошумчалады.

- Чегиртке эки райондо Аксы менен Ноокен районунда бар экен. Эки райондун төрт айыл өкмөтүндө экен. Анан ошолордон сурадым: “Барбы”, десем, “Бар” дешти. “Канчалык зыян келтирди?” десем, алар айтышты: “Бүгүнкү күнгө чейин зыян келтирген жок, аракет кылып жатабыз”.

Ушул эле ойду министрликтин өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин жетекчиси Артвай Аргынбаев да бышыктады.

- Мына быйылкы жылга биздин адистердин айтышына караганда, алардын көбөйүшү быйыл жетер чегине жетти. Быйыл өлтүрүп жоготсок, эмдиги жылдан баштап азайып-азайып олтуруп, эки-үч жылдан кийин бул таптакыр жоголот да. Анан өзү даяр болгончо 10 жыл, 20 жыл өтөт. Ушундай нерсе да бул.

Ал эми департамент жетекчисинин орунбасары Владимир Пак эгин талааларга чачылып жаткан уу дарылар эгин жыйналганга чейин жерге сиңип кетерин белгилеп, андан эгин менен адамдарга эч кандай зыяны жоктугун билдирди.

- Ушу тапта азык-түлүктө, жер кыртышында, сууда, эненин сүтүнөн табылып жаткан калдыктар ДДТ тобуна кирчү мурда колдонулган уу дарылардын калдыгы. Ал 50-жылдардан 70-жылдарга чейин колдонулган. 70-жылдары СССРдин Саламаттык сактоо министрлиги ДДТ тобуна кирчү yу дарыларды колдонууга тыюу салган. Бул уу дарылар эч качан ажырабай, бөлүнбөй, рак ооруларын пайда кылары аныкталган.

Социализм заманында жашап калгандардын көпчүлүгүнө тааныш “дуст”, “бит дары” деген аталыштагы көгүш-бозомук уу дарынын жок кылынбай калган запастары Кыргызстанда дагыле калганын В.Пак маалымдады. Ошондой эле алардын кайсы жерде канчасы сакталып калганын аныктап, жаңы долбоор түзүп анын негизинде сакталып калган уу дарыны башка жерге бекем көөмп таштоо аракети көрүлүүдө.

Чегирткелерди жок кылууга колдонулуп жаткан азыркы дарынын экологиялык салакасы кандай болорун айтыш кыйын. Айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Уланбек Качыбековдун айтуусунда, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен күрөш бираз кечигибирээк башталды.

- Мен ойлоп жатам, бул жанагы өсүмдүктөрдү коргоо, химиялаштыруу департаментинин кетирген кемчилиги. Себеби дегенде ал жерде адистер деле жок. Мына бүгүн өзүңүз көрдүңүз А.Аргымбаев өзү адис деле эмес.

Айыл чарба зыянкечтерин жок кылууга озунуп аракет жасалбаса кийин кеч болуп калат, дейт У.Качыбеков.

-Эми эмдиги жылы зыянкечтер мындан дагы көбөйөт. Булар көбөйүп алды. Эмдиги жылы мындан да көбүрөөк зыянга учурайбыз. Ошондон каражат аябай эле чегиртке жөнүндө, америкалык ак көпөлөк жөнүндө, өзгөчө шарп оорусуна каршы аракет быйыл катуу көрүлбөсө кыйын.

Адистердин айтуусунда, Марокко чегирткелерин жок кылуу өзгөчө көп каражатты, кол күчүн талап кылган машакаты көп жумуш. Ага каршы турууга чама-чаркы жетпеген кедей өлкөлөрдүн эгин-тегининен биротоло кол жууп, алакан жайып отуруп калгандары деле биртоп.
XS
SM
MD
LG