Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

18:34 Таласта баңгизат менен кармалган милиция кызматкери октон кайтыш болду


Былтыр күз айларында өзүнүн менчик автоунаасы менен баңгизат алып бара жаткан жеринен Карабуура райондук ички иштер бөлүмүнүн баңгиликке каршы күрөшүү тобунун кызматкери Айдар Эскеналиев республикалык укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Соттун чечими менен 12 жылга эркинен ажыратылган. Эскеналиевге Карабуурадагы убактылуу камоочу жайдан Бишкекти көздөй атайын автоунаа менен алып баратып, Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынан өтүп бара жаткан жеринен Айдар Эскеналиев жанындагы күзөтчүнүн пистолетин ала коюп, өзүн атып жанын кыйган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп, окуя такталууда. (UA)

XS
SM
MD
LG