Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:28

Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухаммедов бүгүн Азербайжандагы иш сапарын баштоодо. Бул түркмөн мамлекет башчысынын Бакуга акыркы 12 жылдан бери алгачкы ирээт келиши жана саналуу жыл мурда эле ортосунда эч мамиле болбогон эки өлкөнүн алакасы алга жыла баштаганын көргөзүүдө. Сүйлөшүүлөрдө талкууланары күтүлүп жаткан башкы маселе –Каспийдин газ байлыктарын тышка экспорттоонун жолдору. Алар газ корлорун кандай иштетерине кызыгып жаткан тараптар аз эмес. Учурдагы шарт –жагдай эки өлкө мына ушул багыттагы өнөктөштүгүн чыңдоосуна өбөлгө берип тургандай.

2003-жылы бийликти атасынан мурастап калган азери президенти Ильхам Алиев менен 2006-жылдын соңунда мурдагы президенттин көз өткөн соң мамлекет башчылыгына келген Гурбангулу Бердымухаммедовдун жолугушуусу тарыхый жана ири окуя катары бааланууда. Азыркы лидерлер кезинде компартиянын казанынан кайнап чыгышкан, маркум Гейдар Алиев менен Сапармурад Ниязовдун доорун артка таштап, алар чече албаган талашты жөнгө сала алабы деген үмүт жок эмес. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча баш кеңсеси Лондондо жайгашкан инстититуттун редактору Жон МакЛеод эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ортосунда быйыл бул визитти утурлай жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргөнүн белгилейт:

-2008–жылдын ичинде дипломатиялык ишмердүүлүк күчөдү. Бул өлкөлөрдүн экономикалык комиссияларынын, министрлеринин, министр орун басарларынын бир нече жолугушуулары болду, элчилик деңгээлиндеги дипломатиялык алака толугу менен калыбына келтирилди. Азербайжан 90-жылдардын башында отун менен камсыздаганы үчүн Түркмөнстанга акча карыз эле. Бул маселе чечилди. Алар инвестицияны коргоо жөнүндөгү макулдашуу тууралуу айтып жатышат, ага ушул визиттин учурунда кол коюлат. Бирок мындан да маанилүүсү - иштерди оңдоо үчүн биргелешкен жана айтылбаган макулдашуу бар экендиги.

Айткандай эле Түркмөнстандын элчиси Бакуга март айында кайтып барды. Бир нече жыл мурда Ашхабад элчисин чакыртып алышына Каспийдеги кээ бир мунай кендеринин кимге таандык экендигине байланыштуу эки ортодо тутанган чатак өбөлгө берген эле. Эми ушул талаштуу маселе да азыркы визит учурунда көңүл сыртында калбайт. Түркмөнстандык мурдагы дипломат, учурда Германияда жашаган Чары Ишаниязовдун пикиринде, Каспий кендерине байланышкан талашты чечүүгө мезгил жетти:

-Сөз аз эле өлчөмдөгү акча жөнүндө жүрүп жатпаганын түшүнөсүз да. Мунай кендери болгондуктан бул жерде миллиарддаган доллар жөнүндө жүрүп жатат. Эгер биз бул маселени азыр чече албасак, эртең мындан да кыйын болот.

Айтор мунай менен газдын дүйнөлүк баасынын асмандашы Түркмөнстан менен Азербайжандын өнөктөштүгүнө экономикалык стимул жаратып жаткандай. Мында Түркмөнстан үчүн чоң көйгөй ал байланышкан экспорттук куурлардын аз экендиги. Түркмөн газын сыртка алып чыгып жаткан куурдун көбү Орусиянын "Газпром" компаниясына таандык. Бирок Ашхабаддын дарегине айтылып жаткан башка долбоорлор, сунуштар да жок эмес. Бакудагы бул жолку сүйлөшүүлөрдө Азербайжан менен Түркмөнстандын Набукко жана Транскаспий газ куур долбоорлоруна катышуусу талкууланары күтүлүүдө.

Набукко долбоору Каспийдин жана Жакынкы Чыгыштын газын Түркия аркылуу Балканга, андан ары Европага чыгарууну каалайт. Ал эми түркмөн газын ошол куурга жеткирип, батышты көздөй агызуу үчүн андан түздөн –түз Азербайжанды көздөй Каспий аркылуу газ куурун төшөө талап кылынат. Еврошаркет колдогон бул Транскаспий газ кууру жөнүндөгү идея мындан он жыл мурда эле көтөрүлгөн, бирок азырынча ишке аша элек.

Мурдагы советтик өлкөлөрдүн мунай өндүрүшү боюнча маалыматтарды жарыялаган "Newsbase" басылмасынын консультанты Женнифер ДиЛейдин айтымында, Еврошаркет бул долбоорду экономикалыктан башка жүйөөлөрдөн улам да колдоодо:

-Еврошаркет соңку кезде Орусиянын газына ашыкча көз карандылыктан тынчызданууда жана 2006-2007-жылы орун алган айрым үзгүлтүктөр мындай кооптонууларды күчөттү. Андыктан азыр Брюсселде камсыздоонун булактарын диверсификациялап, ким болбосун жалгыз камсыздоочуга, өзгөчө Орусияга көз карандылыкты азайтуунун жолдорун издеп жатышат. Набукко жана башка долбоорлор Каспийдин газына жетүүнү сунуш кылат жана диверсификация жөнүндөгү ошол максатты орундатуунун ыкмасы катары каралууда.

Түркмөнстан Еврошаркетке келерки жылы 10 миллиард кубометр газ берүүнү убада кылган. бирок Транскаспий газ кууру келечекте Набукко кууруна кошулган шартта, Европаны көздөй газ экспортун кыйлага көбөйтмөк.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG