Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

“ЭлТР” ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ТУРМУШУ ЖӨНҮНДӨ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ТАРТЫП БАШТАЙТ


"ЭлТР" --> http://www.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/17f70799-6451-4835-be73-90eef59b751e.asp коомдук телерадиокомпаниясы “Мекендештер” аттуу теледолбоор түзүп, Орусиянын кыргыздар арбын турукташкан облустарындагы кыргыз атуулдарынын турмушун, көйгөйүн чагылдырууга даярданып жатат. Бирок, Орусияда кыргыз журналисттеринин коопсуздугун ким кепилге алат деген суроо кырынан коюлууда.

“ЭлТР” коомдук телерадиокомпаниясынын башкы деректиринин милдетин аткаруучу Мамырайым Дубанаевдин айтуусунда, бул демилге Орусияда, тактап айтканда, Иркутскиде иштеп жүргөн эмгек мигранттары тарабынан көтөрүлгөн. Сүрөөнчүлөр чыгып, азыр ал жакта телеберүүлөрдү тартканга бир топ техникалык жабдуулар сатылып алыныптыр. Иштей турган журналисттердин штаттык маселеси да чечилген. “Мекендештер” теледолбоору ишке киришип, июль айынан алгачкы берүүлөр көрсөтүлө баштайт.

“Мекендештер” теледолбоорунун ишке ашышына Орусиянын Оштогу генералдык консулу Мухамеджан Зиганшин да кайдыгер карабайт:

- Албетте, мен бул теледолбоорду колдойм. Орусиянын облустук телеканалдары менен “ЭлТРдин” байланыш түзүүсүн камсыз кылуубуз керек. Бул жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Бирок “ЭлТР” тараптан расмий сураныч кат азырынча келе элек мага.

Кыргыздар арбын отурукташкан Орусиянын облустары аныкталса, алардын телекомпаниялары менен “ЭлТРдин” байланышын түзүү үчүн консул тиешелүү жерлерге расмий кат жолдойт. Келечекте “ЭлТРден” кыргызча кеткен материалдар ошол жактардын облустук телеберүүлөрүнөн орус тилинде да көрсөтүлмөкчү.

Орусиядагы кыргыздар менен “Телекөпүрө” берүүлөрүн уюштуруп жүргөн “Замандаш” ассоциациясынын координатору Айсулуу Алымбек кызы “ЭлТРдин” “Мекендештер” теледолбоорун кубаттайт жана айрыкча Орусиядагы милициялардын жосунсуз иштери, кыргыздарды орустарга саткан кыргыздар жөнүндө кызыктуу көрсөтүүлөр жаратылса деп көксөйт.

Ал эми “Эркин Тоо” гезитинин башкы редактор орунбасары Орункул Сатыкулов Орусияда кыргыз журналисттеринин иштеши өтө эле кыйын болоруна танчсызданды:

- Өзүбүз көрүп-угуп атпайбызбы, Орусияда кыргыздардын кыргыздар тууралу телеберүүлөрдү тартуусу тургай, көчөдө эле басып жүрүүсү кыйын болуп атат. Баса калып өлтүрүшүп. Ошондуктан, теледолбоорду ачаардан мурда кыргыз журналисттеринин коопсуздугун камсыз кылыш керек. Маселе ушунда турат!

“Мекендештер” теледолбоору бара-бара Орусия чегинен чыгып, Түркиядагы, Ооганстандагы, Кытайдагы кыргыздар тууралу да берүүлөрдү уюштурууну мерчемдеп жатканын белгилей кетели.
XS
SM
MD
LG