Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

ИСЛАМ КАРИМОВ “ЭКИНЧИ СОКРАТ” АТАЛДЫ


Өзбек президенти Ислам Каримов --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/DFB411A9-E7E6-4645-BA53-26912D899DC6.asp жаңы китеп жазып чыгарды. Айрымдар авторду “философия жана этика темасында адамзат тарыхында Сократтан кийинки эле көөнөрбөс эмгек жараткан экинчи ойчул” кылып жарыялашты. Ал эми жергиликтүү студенттер болсо Каримовдун жаңы эмгегин зериктирме, колго алгыс китеп катары баалашты.

Каримовдун жаңы китеби “Бийик руханият - жеңилбес күч” деп аталат жана 30 миллиондон ашуун нускада сатыкка чыгарылды. Буга байланыштуу Ташкенде азан-казан эл катышкан жыйын болуп, аны өкмөттүк телеканалдан көрсөтүштү. Жыйынга катышкандар Каримовду бүткүл тарыхта Сократтан кийинки эле экинчи ойчул кылып баалашты. Акын Махмуд Тахир кайсы заман болбосун алмустактан бери эле чыгаан адамдар өз элине, андан соң жалпы адам пендесине туура жол көрсөткөн көсөм болуп келишкенин айтып, Каримов да жаңы эмгегинде дүйнөлүк өнүгүүгө, өзбек элинин келечегине байланыштуу өтө терең көз караштарын баяндаганын белгиледи.

Каримовдун бул китеби да мурдагы эмгектериндей эле мектеп окуучуларынан тартып студенттерге, профессорлорго чейинки илим-билим адамдарына милдеттүү түрдө сунуш кылына турган окуулук болуп калмакчы. Өзбекстанда кайсы кесипке, атүгүл ветеринария адистерин даярдабасын, бардык жогорку окуу жайларында студенттер президенттин китептери боюнча экзамен тапшырышат. Окуучулар болсо орто мектепти бүтүрөрдө, университеттерге кирерде ушундай сынактан өтүшөт.

Дегинкисин айтканда, ортоазиялык лидерлер китеп жазууну өздөрүнүн президенттик борчундай көрүп алышты. Нурсултан Назарбаев, мисалы, “Төбөлсүздүк стартегиясы” жана “Евразиянын толтосунда” аттуу көлөмдүү эки китептин автору. Эмомали Рахмон тажик элинин тарыхы боюнча бир нече эмгек жазып, алардын баары мектептерге атайын сабак катары киргизилген. Гурбангулы Бердимухамедов бийликке келген соң бир нече айдан кийин эле медицина тармагына арналган эмгегин бастырып чыгарды. Өз кезегинде Аскар Акаев бир нече китеп жазган. Ыктыярмандар кала берсе Курманбек Бакиевдин да сүйлөгөн сөздөрүн бир томго топтоп, жыйнак кылып бастырышты.

Бирок азырынча жазуучу-президенттердин бири да маркум Сапармурат Ниязовго теңеле элек. Түркмөнбашынын “Рухнамэси” учурунда түркмөндөр үчүн Курани каримдей эле ыйык деп жарыяланып, башталгыч класстардан тартып жогорку окуу жайларынын баарында окутулган. Жадакалса шоферлук күбөлүк алчулар да атайын экзамен тапшырышкан. Ашхабатта “Рухнамэге” арналып заңкайган эстелик тургузулган.

Ташкенде азырынча Каримовдун китептерин ыйык деп жарыялаша элек. Анын үстүнө өзбек президентинин эмгектери көбүнчө саясий өңүттө жазылган. Ошол себептүү жаштар, айрыкча студенттер аларды мойну жар бербей, айла жоктон окушат.

Бул ирет жаңы китебин Каримов Анжиандагы окуялардын үч жылдыгына туштап, негизинен чет элдик маалымат каражаттарындагы айыптоолорду төгүндөө максатында чыгарган шекилди. Бери эле дегенде Анжианга байланыштуу ал “өзбек эли эч качан эч кимдин көзүн карабай турганын” атайылап эскерткен. Байкоочулар Каримовдун бу жолу адамгерчилик, бийик морал, ыйман, жалпысынан руханият темасына кайрылганы да тегин эместигин баамдашты.

XS
SM
MD
LG