Эки күндүк иш сапарынын учурунда өкмөт башчы Евробиримдик-Борбор Азия кызматташтыгынын алкагында Польша, Латвия өкмөт башчылары менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашат, инвеcтиция боюнча макулдашууларга кол коюлаары да болжолдонууда. Ал эми 22-майда кыргыз өкмөт башчысы КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын отурумуна катышуу үчүн Минскиге барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (BuS)