Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38
“Агым”
гезити бүгүн коомчулук арасында Токтогул суу сактагычынын айланасында уу-дуу сөз көп экенин, анткени өткөн жылдын декабрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард куб суу болгонун, мындай көлөмдөгү суу 15 жылда араң чогулганын, анан таңкалыштуусу 2 ай ичинде ошол суунун жарымынын кантип жок болуп кетүүсү мүмкүндүгүн белгилеп, “анда аны ким ичти, балык ичтиби же Балкыбеков ичтиби?” деген суроо койду. Демек электр энергиясын иштетишкен, анан сатышкан...

Ушу тапта эл ичинде ар кандай ушак-айың, божомол, дөдөмөлдөр күчөдү деп маалымдап, аталган гезит экономика адиси, профессор Талгар Аденовдун “Куруп-түзмөйбү же кайрадан канталамайбы?” деген макаласын жарыялады.

х х х

Экономист адегенде эле “Электр уурдаган ким - элби же эл мүлкүн жегендерби?” деген суроого жооп издеп, өлкөнүн ички муктаждыгына бөлүнгөн электр энергиянын 9 миллиарддан 6 миллиард киловатт-саатынын басымдуу бөлүгүн бүгүн жеке меничкке ээ болгондор же мамлекеттик мүлктүн 90 пайызын б. а. кечээки завод, фабрика, шахта, комбинат, мончо, дүкөн, ресторан ж.б. менчиктеп алгандар керектээрин, мындай байлардын көбү мамлекеттик чиновниктер экенин, демек жалпы Кыргызстан үчүн бөлүнгөн 9 миллиард киловатт-саат энергиянын 3 эле миллиардын пайдаланган карапайым калк 6 миллиард энергияны уурдабастыгын, уурдаганга шаасы да жетпестигин, тескерисинче уурдагандар дал ошол менчик ишкерлер менен энергочиновниктер болуп аткандыгы сокур кишиге да дайын болуп тургандыгын кеп кылат. Энеготармакты сатуу деген образдуу айтканда бүтүндөй үйбүлөңдү сүт менен багып турган уйдун желинин кесип алып сатуу деген менен барабар дейт экономист Талгар Аденов.

х х х

“Де-Факто” гезити Аксы каргашасына байланыштуу жүрүп аткан сот эч кандай күнөөсү жок деп генерал Калмурат Садиевди толук актап жибергенин уккан соң 68 жаштагы Мамбек аксакал “Чындык жок экен, адам өмүрү булар үчүн түккө арзыбай калган турбайбы” деп акыркы сөзүн айтып алып, башын мыкчыган бойдон о дүйнө салып кете бергенин, бул аксакал Аксыдагы каны төгүлгөн балдардын кунун кууп далай жолу Бишкекке жөө жүрүш менен келгенин, Акаев бийлиги аны чырактай уулунан ажыратса, Бакиев бийлиги баса калып төөмантек алганын, Бозпиектен атылган дагы бир жигит Сатымбай Үркүмбаевдин 78 жаштагы апасы Камкаян Үркүмбаева да жөө жүрүшкө катышып, ачкачылык жарыялап, акыйкатка жетем деп милийсалардын ур-тепкисинде жүрүп, жаңы жылдан бери буту баспай ооруканада жатканын баяндады.

х х х

Ушул эле гезит белгилүү коомдук жана саясый ишмер Жумагул Сааданбековдун президент К.Бакиевге Ачык катын басты. “Өтө урматтуу Курманбек Салиевич, Сиздин көңүлдү буга дейре ушунчалык болуп көрбөгөндөй мааниси зор, аймактык бүтүндүгүбүз менен улуттук көз карандысыздыгыбызды жоготуп алчу нерсеге айланган эң олуттуу маселеге бургум келди. Акыркы 15 жылдан берки жасалып келаткан алгылыксыз экономикалык реформалар жүздөгөн, жүз миңдеген элди үмүтсүздүккө, жумушсуздук менен кембагалчылыктын туңгуюгуна кептеди, коррупция менен кылмыштуулуктун гүлдөшүнө алып келди” деп башталган кат, Кыргызстандын борбору Бишкекти Ошко көчүрүү маселесин коет.

“Ыйык Сулайман тоонун этегиндеги, атактуу Акбууранын алабындагы акак таштан тургузулган керемет борбор шаарды көрүп калууга, аны менен келечекке шыктанып калууга ар бир Кыргызстандык жаран татыктуу деп эсептейм, буга мамлекет башчсынын гана эрки керек” деп аяктайт.

х х х
“Аалам” гезити чегиртке маселесине кайрылып, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри Арстанбек Ногоевдин айрым массалык маалымат каражаттары жазып жаткандай "чегирткелер анчалык деле эгин-тегинди кайсап жибергендей зыян апкелген жок, дарылап жатабыз" дегендерин, кайсы жерден канча гектар жерди тазалаганын санап келип, көз карандысыз эксперт Уланбек Качыбеков мырзага сөз берет.

Уланбек мырза, өкмөт айтып аткандай чегирткелер 4 жылдан бери эле эмес 30 жылдан бери барын, бул Орто Азиялык-Ооган чегирткелери негизинен эки түргө бөлүнөрүн, чоңураагы – Ооган, кичирээги - Марокко чегирткеси экендигин, акыркысынын зыяны 10 эсе күчтүүлүгүн, Марокко чегирткеси менен жеке бир мамлекет күрөшө албастыгын, анткени ал улам көчүп-конуп, миграциялык жол менен көбөйүп, адегенде жайыттарга жайылып, күчтөнүп алган соң өрөөнгө түшүп тукумдаарын, жөнөкөй эле арифметикалык эсеп боюнча алганда, быйыл 10 миллион болсо, кийинки жылы миллиардга жетерин, ошондуктан бул маселени Борбор Азия мамлекеттери менен биргелешип, алтургай Кытай, Оооганстан кошулуп күрөшүүлөрү керектигин билдирди.

х х х

“Кыргыз туусу” гезити эне тил маселесине кайрылды. Гезит маалымдагандай Кыргызстанда бүгүн орус тилдүүлөр жалпы калктын 13 пайызын түзөт. Бирок ага карабастан орус тили кыргыз тилине караганда 73 пайызга көп колдонулат. Философ Куркемел Кулматов мунун себебин бардык иш-чаралар, жыйындар баягыдай эле орусча өткөрүлүп келатканынан, кыргыз тилинин мамлекеттик статуска ээ болгону этибарга алынбаганынан көрөт. Филосов Кулматовдун макаласына улай эле республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти Нурлан Кыдыршаевдин орфографияга байланыштуу маселе козгогон макаласы да жарык көрдү.

Автор макаласында академик Бүбүйна Орузбаеванын жетекчилиги менен 80 миң сөздөн турган орфографиялык сөздүктүн иштелип чыкканы чоң эмгек болгону менен аны басып чыгарып, жалпы колдонууга таркатуу кечиримсиз болорун, анткени андагы кош сөздөрдү бириктирип жазуу окуучуларды баш аламанга салып келатканын, анын бир мисалы катары эле жер-суу аталыштарынын энчилүү аттарын бириктирип жазуу башты маң кылып салганын, мисалы Төө Ашуу дегенди бириктирип жазганда Төшуу деген эчкимге түшүнүксүз ат пайда болорун, айтор жаңы орфография элди сабаттуулуктан кайра сабатсыздыкка алып баргандан башка пайда бербестигин, демек мындай мамилени: ”тил илимине карата жасалган саботаж” деп гана мүнөздөөгө болорун айтып чыкты.

х х х

“Кыргыз руху” гезити Манастан бери карай эле кыргыз эли ажого жарыбаганын, кезинде Т.Усубалиев коңшулаш өлкөлөрдүн башчылары Д.Кунаев менен Ш.Рашидовдун көлөкөсүндө калып келсе, Акаев убагында “кичине өлкө”, “чоң өлкө” деген түшүнүктөр келип чыкканын, ушинтип качан блосо эле тең ата сүйлөшө албай бүжүңдөй берген саясаттын аркасынан элдин ишеними кетип, духу өлүп келатканын, эл барган сайын өзүнүн мамлекетинде эмес эле, башка бирөөлөрдүн кол алдында жүргөндөй сезим менен жашап калганын, буга биринчи иретте өлкө башкарган адамдардын эл аралык мамилелердеги жүргүзүп жаткан саясатынын борпоңдуганан болуп аткандыгын, ошон үчүн коңшулар бизди момун эл деп теңине албастыгын кейиш менен кеп кылган баяндамачы Мамат Раимжанов, биз минтип кара чырак жагып карайлап, тезек терип темселеп жүрсөк, И. Каримов Өзбекстанга бизден 23 тыйындан алган электр энергиясын кымбат баа менен Ооганстанды көздөй сатып, ырысын эли менен чогуу көрүп келатканын “Жаңы ордо” гезити кабарлады деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG