Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

АКЫЙКАТЧЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮН ТҮПТӨ ТООТПОЙ КОЮШТУ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Белгилүү болгондой ушул айдын башында Акыйкатчы институту айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен бирге Түптөгү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/68FF007B-F030-4322-8F95-982C277C77FD.asp окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, “оппозициянын жөө жүрүшүнө каршы чагымды жергиликтүү бийлик уюштурган”, деген тыянакка келген. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ага макул эместигин айтышып, атүгүл акыйкатчынын өкүлдөрү иликтөөгө барышкандыгын дагы четке кагууда. “Азаттык” үналгысына ошол топту жетектеп барган акыйкатчынын орунбасары Мамат Момунов маек куруп берди.

-Мамат мырза, белгилүү болгондой Түп районунун акими Өмүрбек Шаршеналиев акыйкатчынын эч кандай өкүлдөрү келген жок, деп айтып жатат. Сиздер ошол иликтөө учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуша алдыңыздарбы?

-Өзү айткандай тилекке каршы биз ал кишилер менен жолуга алган жокпуз. Бирок биз өзүбүз бара жатканда аларга келе тургандыгыбыз боюнча маалымат берип, акимчиликке айтканбыз. Бирок биз барганда ал кишилер өз ордунда болбой, 2 күн жүрүп ал кишилер менен жолуга алган эмеспиз.

-Ушул иликтөөнү кандай жол менен жүргүздүңүздөр? Дегеле сиздин топтун курамында канча киши жана кимдер болду?

-Бул топ ошол окуяны иликтөө үчүн акыйкатчынын тапшырмасы менен бардык. Биз менен кошулуп, бейөкмөт уюмдун бир өкүлүн алып алганбыз, себеби ошол окуя бир жактуу болбосун деп, бейөкмөт уюмунан дагы, анан бийликтин өкүлдөрү менен дагы баарлашып сүйлөшүп, элдер менен сүйлөшүп келгенбиз.

-Ошол иликтөөнүн тыянагы кандай болду? Дегеле бул аракетиңиздер максатына жеттиби?

-Биз чоочулагандай эле, бизди азыр деле күнөөлөшүп жатпайбы, бир жактуу болду, биз менен жолукпай калды деп. Ошондуктан мындан качыш үчүн биз алдын ала аларга маалымат берип, Түп районунун бийлик өкүлдөрүнө айтып, Ысыккөл облусунун жетекчилерине айтып барганбыз. Бирок тилекке каршы алардын эч кимиси менен жолугуша албай калганбыз.

Айткандай эле бир жактуудай болуп сезилип жатат. Бирок биз бир жактуу болбош үчүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолуктурдук. Элдин бардыгы менен жолуктук деп айтуу туура эмес. Ошол кезде көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенип жаткан экен. Ошондуктан биз көчөдөн жолуккандар менен баарлаштык.

Мындан сырткары ошол жүрүштү уюштуруучуларынын бири болгон “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү менен жолугуп, ошол жерде укук коргоо органдарына барып, ал жерде Ысыккөл облусунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орунбасары бар экен. Ошол менен сүйлөшүп, бир топ маалымат алалы десек, бирок тилекке каршы ал дагы толук маалымат бере алган жок. Себеби дегенде бул маалымат ошол Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы берет деген. Ошол күтүп отурат деген. Бирок биз ал жакка барсак, ал кишини дагы ордунда таппай, эч кандай жыйынтык болгон жок. Ал эми башка маалыматтар боюнча айтсам, бул маалыматтар мурун эле белгилүү болгон да. Ошондуктан ошол маалыматтарды кайра эле тастыктап келдик.

-Айрым байкоочулар мындай иликтөө кеңири курамдагы топ аркылуу жүргүзүлсө жакшы болмок деген пикирлерин айтып жатышат. Бул окуя боюнча сиздер тараптан кайрадан дагы толукталган иликтөө жүргүзүлөбү?

-Айтып жатпайымбы, бул иликтөө биздин акыйкатчынын тапшырмасы менен жүргүзүлдү. Бизге барып кел деди, ошондуктан мен өзүбүздүн кызматкерлер менен, бейөкмөт уюмунунун өкүлүн алып баргам. Бул маселе дагы аягына чыга элек. Тийиштүү жергиликтүү бийликтегилерге, Ысыккөл облусунун укук коргоо органдарынын башчыларына ошол маселе боюнча бизге толук маалыматты бергиле деп запрос жөнөттүк. Ошол боюнча биз жоопторун күтүп жатабыз. Анан кандай болот, ошого карата дагы көрөбүз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG