Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

11:20 Б.Мамбетов: Суу натыйжалуу пайдаланса Токтогул ГЭСиндеги суу жетиштүү деңгээлде болот


Токтогул ГЭСине суунун көлөмү мурда секундуна 300 кубометрге жакын болсо, азыр анын көлөмү секундуна 800 кубометрден келүүдө. Бул суу сактагычтагы суунун көлөмүн көбөйтүүгө толук мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу энергетика боюнча эл аралык эксперт Базарбай Маметов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, сууну натыйжалуу пайдаланса күз айында Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 14 млрд.кубка топтолуп тиешелүү деңгээлге жетет. Ошондой эле “Кыргызстанда сууну башкаруунун түрү боюнча мыйзам кабыл алып, өлкө аймагындагы Киров, Ортотокой, Папан жана башка суу сактагычтарда суунун көлөмүн азайтпай, тиешелүү деңгээлде кармап туруу зарыл”,-дейт Мамбетов. (AJ)

XS
SM
MD
LG