Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

12:06 “Кыргызcтан: Борбор Азиянын жүрөгү” аттуу китеп чыкты


Китеп Кыргызстанды дүйнө жүзүнө туризм өлкөсү катары таанытууга багытталган. “Кыргызcтан: Борбор Азиянын жүрөгү” китеби май айында Америкалык “Одиссей” басмаканасында жарык көрдү. Аталган басмакана мурда Улуу Жибек жолундагы өлкөлөр Казакстан, Өзбекстан, Афганистан жана Россия тууралуу туризм боюнча англис тилиндеги китептерди чыгарган. Басмакананын жетекчиси Магнус Бартлет кыргыз өкмөтүнө президент К.Бакиевдин кайрылуу сөзү менен бул китептин 500-1000 нускада атайын басылышын чыгарууну сунуштады. “Бул Кыргызстан тууралуу энциклопедия кыргыз өкмөтүнүн чет өлкөлүк кесиптештери үчүн чоң белек болмок”, - дейт М. Бартлет. Ал эми Кыргызстанга жардам берүү иретинде китептин чыгышын басмакана өз мойнуна алып, нусканы өз баасында гана сатып алгыла деген сунушун билдирген. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG