Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Жалалабат облусундагы Базаркоргон районунда ыйык деп саналган “Кара Үңкүр Ата” деген үңкүр бар. Ал жерде азыр кызыктуу үй-бүлө жашайт. Мамарасул уулу Төлөндүн үй-бүлөсү ал жерге көчүп барганына беш жылдай болуп калган. Кышында да, жазында да күнүн жардын астында өткөргөн ал бүлөгө ар кайсыл жактан оорулуу адамдар келип, дартына дабаа алып кетишет өңдүү.

“Кара Үңкүр Атада” өзгөчө үй-бүлө жашайт.






Үй-бүлөнүн ээси Мамарасул уулу Төлөн бизге бул ыйык үңкүр жөнүндө маалымат берип, эмне үчүн бул жерде таштардын түрлөрүн топтогонун айтты.








“Кара Үңкүр Атада” жашаган жалгыз үй-бүлө мына ушундай алачыкта жашайт. Өздөрүн шамандардын урпактарынан деп атаган бул адамдардын алачыгында жылан сымал таяктар, түрдүү таштар жана башка кызыктуу буюмдар бар.










Бул үй-бүлөнүн кожейкеси Бактыгүл эже да жолдошуна жардам берип, адамдарды дарылоого көмөктөшөт.







Азыр үч жашка толгон Акзийнат ушул үңкүрдө төрөлгөн.



Төрөкул Дооров, Кара Үңкүр Ата

Тектеш

XS
SM
MD
LG