Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

КАЗЫ ДЫЙКАНБАЕВ 95 ЖАШКА ТОЛУУДА


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Мамлекеттик белгилүү ишмер, Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри Казы Дыйканбаев быйыл 95 жашка толууда. Казы Дыйканбаев 1944-1949-жылдары Кыргызстандын тышкы иштери боюнча эл комиссары болуп иштеген. Бүгүн Бишкекте бул кишинин мааракесине арналган илимий жыйын өтөт. Ушул иш-чара тууралуу “Азаттык” үналгысына Дипломатиялык академиянын --> http://www.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/05/15fb06f7-ff1b-4ef5-8c10-1f5e6eb3250f.asp ректору Нургазы Кемелбаев маек куруп берди.

-Нургазы мырза, алгач бүгүнкү жыйындын максаты жана анда кандай сөз болору тууралуу айтсаңыз.

-Бүгүн Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети уюштуруп жаткан илимий конференция өтөт. Ушул илимий конференцияда Арабаев атындагы университеттин ректору Аскар Бекбоев сөз сүйлөйт. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жангороз Каниметовдун доклады жасалат. Ошондой эле бул жыйында Тышкы иштер министрлигинин жана биздин Дипломатиялык академиянын куттуктоо сөздөрү айтылат. Ошондой эле бул кишинин басып өткөн жолу жөнүндө кеңири сөз болот деп турабыз.

Конференцияга белгилүү мамлекеттик коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сааданбеков Жумагулдун катышары күтүлүүдө. Иш-чара чоң даражада өткөн жатат. Мамлекеттик деңгээлде бул кишинин дагы мааракеси өтөрү белгиленет деп ойлоп турабыз.

-Казы Дыйканбаев мырзага жакын арада жолуга алдыңызбы? Ал кишинин саламаттыгы кандай экен?

-Мен бул киши менен күндө жолугуп турам. Казы Дыйканбаевдин денсоолугу жакшы, акылы тунук. К.Дыйканбаев Дипломатиялык академиянын биринчи ардактуу профессору. Бул кишинин архиви, бул кишинин алтын кортиги академиянын музейинде сакталып турат. Бул киши азыр бардык гезиттерди окуп, биздин өлкөдө болуп жаткан окуялар менен кабардар.

Ал менен кечээ жакында эле жолуктум. Бул кишинин тилеги Кыргызстанда ынтымак, биримдик болуп, өнүгүшүнө жардам берсем экен дейт. Казы Дыйканбаев биринчи нарком, эл комиссары, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы дагы болгон. Чүй обкомунун комсомолу, Кыргызстан Борбордук комитетинин катчысы болуп кызмат өтөгөн.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG