Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

АКЫЙКАТЧЫ: ТҮПТӨГҮ ТУКУРУКТУ УЮШТУРГАН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК


Түп районунда 26-апрелдеги жөө жүрүш алдында оппозиция лидерлери ээнбаштар тарабынан ур-токмокко алынып, --> http://azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.asp ал акция үзгүлтүккө учураган эле. Кыргызстандын акыйкатчысы атайын иликтөө жүргүзүп, мындай чагымчыл аракет жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулганын ырастады. Бирок Түп районунун жетекчилиги жүрүш боюнча бир да комиссия келбегенин белгилеп, акыйкатчы Турсунбек Акундун айткандарын четке какты.

“Ыйык жерди сактоо” кыймылынын лидерлеринин бири, “Атамекенчи” Болот Шерниязов ошол Түптөгү жөө жүрүш алдында эң катуу муш жеген саясатчы катары тарыхта калганы айтылууда. Каркыра жайлоосу менен төрт эс алуу жайы казак тарапка белекке берилгенине жана энергетиканы менчиктештирүүгө каршы туруп, дегеле өлкө бүтүндүгүн сактап калууга жалпы көлдүктөрдү төрт күндүк жөө жүрүшкө чакырган оппозиция өкүлдөрү ушинтип Түп районунун жашоочулары тарабынан ташбараңга алынганын эл түрдүү жоромолдоп атат.

Оппозицияны кубалаган топ жалданган кишилер десе, элдин бир дары жайкы сезон алдында пикет, митинг дегенди Ысыккөлгө өткөрбөө керек деп келишти. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун бул чуулгандуу окуя жеринде териштирилип, ага жергиликтүү бийлик тиешеси бар экенин ырастады:

- Биздин Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү барганда Түп районунун чоңдору, Ысыккөл облусунун кээ бир жетекчилери, мамлекеттик ишмерлери качып кетишкен. Күнөөсү болгон үчүн качып атат. Провокацияларды уюштуруп, аялдарды пайдаланып, ооганчы жигиттерди пайдаланып, ошондой аракеттерди көргөнү аныкталды. Акимдер, губернатордун орунбасарлары, мамлекеттик чиновниктер айдактап турушкан.

Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен укук коргоо кыймылынан Ниязаалы Бекбердинов териштирип келгени боюнча президентке атайын кат даярдап атканын кошумчалады. Бирок Түп райондук администрация башчысы Өмүрбек Шаршеналиев бул айтылгандарды караманча четке кагып, жөө жүрүш боюнча Түп районуна бир дагы комиссия келбегенин төмөндөгүдөй билдирди:

- Биз менен жолуккан жок, мен райондо эле жүрдүм. Бирөө менен кезигип, сүйлөшкөн жок. Жолугабыз десе биз жолугуп кандай болду, эмне болду баарын көрсөтүп бермекпиз. Эмне үчүн мен качышым керек алардан, чоң кылмыш кылдымбы? Келем деп коюп өзүлөрү бизге келген жок.

Оппозициянын жөө жүрүшүн үзгүлтүккө эле учуратпай, анын катышуучуларын жана уюштуруучуларын да сабап, адамдык аброюна шек келтирген сөздөр менен кастарын тиккендер жоопко тартылсын деген өкмөттүк эмес уюмдар, укук коргоочулар жана депутаттар Акыйкатчы институту комиссия курамын кеңейтсе болмок деген ойдо.

- Турсунбек Акун жумушчуларды жөнөтүп атам дегенде, мен айткам бизден дагы бирөө кошулуп барсын, биз өзүбүздүн эле каражат менен бирөөнү жөнөткөнгө даярбыз деп. Бирок Турсунбек Акун чыгып кетти деп койду, - деди “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева журналисттер менен депутаттар дагы ушул комиссияга кошулса болмок дейт:

- Биз бир элбиз. Комиссияга оппозициянын өкүлдөрүн киргизсе ошондо гана адилеттүү болот эле да булардын иши. Мына ошол жерде ар бир демонстрантка кеминде бир милиционер, анан дагы эки чиновник жөнөкөй кийим кийип алып, аңдып жүрүштү. Парламентте дагы айттык, бул туура эмес деп. Элдин жүрөгүн ачыштырып атат, бул токтобойт, бул өчпөйт.

Түп районундагы бул окуяга тиешеси жана күнөөсү барларды иликтөөнү “Азаттык” үналгысы дагы өз колуна алды. Ал боюнча биз өз кезинде маалыматтарды жарыялап турмакчыбыз.

XS
SM
MD
LG