Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Дүйшөмбү күнүнөн тартып Түркияда --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/01/6B9E79F4-FF36-43F0-B0B5-F0E8EA99F1D2.asp коомдук жайлардын дээрлик бардык жеринде тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзам боюнча мындан ары өлкөнүн эл агартуу, саламаттыкты сактоо, соода-сатык, коомдук, маданий, спорттук мекеме жана көңүл ачуу жайларында тамекинин түтүнүн булатуу мүмкүн эмес. Бирок бул мыйзам Түркия өңдүү “тамеки чеккендердин бейиши” саналган бир өлкөдө иштебейт дегендердин саны да аз эмес.

Ооба, бир учурда ушул өңдүү бир мыйзамдын Түркияда колдонулары миң уктаса бир түшүнө кирбей, АКШ андан ары Европанын айрым өлкөлөрүндө биринин артын бири улай, күчкө кире баштаган мыйзамдарды таназарга албай, «бизде мындай мыйзамдар өтпөйт” дегендер, дүйшөмбүдөн тартып массалык карбаластоо толкунуна кармалышкан абалда.

Лондондо чыгуучу The Guardian гезити, дүйнөдө эң көп тамеки тарткандардын алдыңкылардан эсептелген түркиялык чылымпоздор үчүн бул тыюу абдан ири бир «маданият шогун» жаратат деген ой билдирген.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (WHO) өткөн жылда жарыяланган маалыматына ылайык, дүйнөдө эң көп тамеки чегилген 10-өлкө эсептелген Түркияда, тамеки чегүүнүн үлүшүн 20 пайыздарга төмөндөтүүнү көздөгөн тыюунун чеги ичинде, тамеки жана тамеки продуктуларына тыюу салынган, тамеки жана тамеки продуктулары сатылган жайларга «бул жерде тамеки чегүүгө болбойт. Номур 4207-мыйзам боюнча, тыюуга баш ийбегендер айып пул төлөшөт” деген эскертүү плакаттары. Бирок бул чаралар алыска барбайт дегендердин саны аз эмес.

“Өлкөбүздө такай ишке ашпаган мыйзамдарды чыгаруу адатка айланып калды. Ошондуктан бул мыйзам дагы эч нерсеге жарабайт” деп бири айтса, Стамбулдагы бир кафе-бардын кардары болгон жаш жигит буларды билдирди:

-Бул өңдүү чаралар биздин өкмөттүн өлкөдөгү бардык көңүл ачуу жайларын, алкоголдук ичимдик ичилген кафе-барларды бара-бара биротоло жаап таштоого болгон аракети.

Мыйзам боюнча, тыюу салынган мекеме жана жайларда тамеки чеккендер 62 түрк лирасы (62YTL), мындайча айтканда 27 € айып пул төлөшөт. Өкмөт бул мыйзамдын аркасында бекем турганына жана анын аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзө турганын массалык маалымат каражаттары аркылуу такай калайык менен тең бөлүшүп келатканына карабастан, 72 миллион калкы бар бул өлкөдө тыюуга көзөмөл салыш анча оңой болбосу шексиз.

Өкмөт бир чети, тамеки чеккендерге жана чегилүүсүнө жол койгон жайлардын башкаруучуларына айып пул төлөтүү аркылуу бул мыйзамдын кыртыш кармап кетүүсүнө үмүт артса, мыйзам чыгаруучулар ошол эле кезде тамеки чекпегендердин даттанууларына, мындайча айтканда ‘чагымчылыгына’ ишенүүдө. Ошондуктан, өлкөнүн бардык телеканалдары, Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан атайын даярдалган, никотиндин денеге болгон зыяндарын, аны тарткан, тартпаса дагы алардын айланасында жүргөндөрдүн денсоолугуна тийгизүүчү зыяндарын түшүндүргөн үгүт-насаат тасмаларды байма-бай программаларына киргизүүлөрү мыйзам чегинде милдеттүү болушту.

Түркиядагы тамекиге каршы бир уюмдун маалыматына караганда, өлкөдө жашы жеткендердин арасынан тамеки чеккендердин үлүшү 40 пайызды түзүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматы боюнча жыл сайын 150,000 киши тамекиге байланыштуу себептер менен өмүрүнөн ажыроодо.

Быйыл кафе, ресторан сыяктуу жайлар тыюунун четинде калтырылганы менен, кийинки жылы тыюунун алкагы кеңейтилип ошол жайларда дагы тамекиге тыюу салынат. Бир жылдан кийин жыйналчу жыйынтык, дүйнөнүн эң көп тамеки чеккен Кытай, Бангладеш, Орусия жана Вьетнам өңдүү өлкөлөрү үчүн пайдалуу бир тажрыйба болуп калышы да ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG