Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:47

17:13 Кыргызстан Кытайдын зилзаладан жабыркаган аймактарына гуманитардык жардам жөнөтөт


Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы Эркин Баяманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында бул гуманитардык жардам өткөн аптанын ишемби күнү эле жөнөтүүгө даяр болгон. “Темир жол менен Кытайга Казакстан аркылуу өттү маселеси кечеңдегендигинен биз бүгүн гана жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Азыр Беловодск темир жол станциясында эки вагонго жалпы салмагы 120 миң тонна курулуш материалдары жана чатырлар жүктөлүп жатат. Анын жалпы суммасы 5 млн. сомду түзөт. Жакын арада таза суу менен үчүнчү вагон жөнөтөлү деп пландаштырып жатабыз”, - дейт Э. Баяманов. Расмий маалыматтар боюнча 12-майда болгон Кытайдагы капсалаңда 34 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Бирок Кытай өкмөтү ажал тапкандардын саны 50 миңге жетиши ыктымал экенин айтышууда. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG