Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

17:23 Европалык Түрк ишкерлер федерациясынын өкүлдөрү Нарында


Голландия жана Бельгия өлкөлөрүнөн келишкен 19 түрк ишкерлери Нарын кыргыз-түрк лицейинин жалпы абалы менен таанышууда. Бүгүн түрк ишкерлери менен Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Субаналиев жолугушту. Голландиялык “Нема” коомунун өкүлү Омер Трияки быйылкы жылы лицейге кошумча спорттук жайларды курууга жана жашылдандыруу жараянын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө дилгир болгондугун билдирди. Ушундай эле жолугушуу Нарын шаарынын мэри Бейшеналы Боогачиев менен болуп өттү. Эртең европалык түрк ишкерлер Нарын кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо аземине катышат. (KUs)

XS
SM
MD
LG