Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

17:40 Баткен облустук гимназия мектебинин 200дөй окуучусу нааразычылыкка чыгышты


Бүгүн Баткен шаарында облустук гимназиянын 200дөй окуучулары облакимчиликтин алдына келип нааразычылыктарын билдиришти. Алар губернаторго аталган мектептин мүдүрүн кызматтан бошотуу, окуу процессиндеги үзгүлтүктөрдү жөнгө салуу талаптарын коюшту. Гимназиянын окуучуларынын пикиринде, мектеп мугалимдеринин ынтымагы бузулуп, акыр-аягы сабактардын үзгүлтүккө учуроосуна алып келген. Ал эми Баткен облустук гимназия мектебинин мүдүрү Аптенаби Кадыров “Азаттыкка” жооп берип жатып, окуучуларды нааразычылык акциясына бир катар мугалимдер үгүттөгөнүн маалым кылды. Белгилеп кетсек, бүгүн 20-май күнү аталган мектептин директору менен беш мугалиминин үстүнөн сот жараяны жүргөндүгүнө байланыштуу бир катар сабактар өтпөй калган. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG