Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

Кургакчылык Борбор Азия республикалары ортосундагы суу-энергетикалык чиеш маселени бир жаңсыл чечүү зарылдыгын алдыга коюуда. Өткөн айдын соңунда Бишкекте постсоветтик Борбор Азиянын Түркмөнстандан башка төрт өлкөнүн суу чарба, энергетика жетекчилери жолугуп, суу-энергетикалык консорциум --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/C91AC097-3D11-46CB-92D0-8F9A41D0E1AF.asp түзүү демилгесин талкуулап, аны майдын аягында кайра эле Кыргызстан борборунда улантууну чечишкен.

Социализм тушунда курулган үлкөн Токтогул суу сактагычында ушу тапта 6,5 миллиард ашуун кубометр суу топтолуп турганы кыргызстандыктардын кыйласына дайын. Өкмөт эмдиги кышка суу топтош үчүн сөзсүз эмитен электр жарыгын өчүрүп туруу зарылдыгын элге эчак эле түшүндүрүп койгон.

Эки-үч күндөн бери Нарын дарыясындагы суунун көлөмү көбөйгөнүн маалымдап, энергетика боюнча эксперт Базарбай Мамбетов октябрь айына чейин Токтогул суу сактагычында 14 миллиард кубометр суу топтолуп калышы мүмкүн экендигин айтып чыкты.

- Жайында электр энергиясын өндүрүш үчүн пайдаланчу 3 миллиард кубометр суудан тышкары дагы кошумча суу бербесек, бизде октябрь айынын башына чейин 14 миллиард кубометр суу топтолот. Аны мен өзүм да олтуруп алып эсептеп чыктым. Энергетиктер да ушундай эле ойду айтышууда.

Адистердин маалымдашынча, Нарын дарыясынын жылдык агымынын орточо көлөмү 12,5 миллиард кубометрди түзөт. Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли жаз алды коркунучтуу чекке түшүп, 6 миллиард кубометрге жеткенде өкмөт электр энергиясын үнөмдөө, күн сайын жарыкты өчүрүүгө өткөн.

Суу азайганы 1998-жылдан бери кеп болуп келаткан Сырдарыя боюнда жашаган республикалар ортолук Суу-энергетикалык консорциум түзүү демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады.

Төрт өлкөнүн суу чарба жетекчилери өткөн айдын соңунда Бишкекте жолугушкан. Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Баратали Кошматовдун маалымдашынча, сүйлөшүүлөр дагы улантылмакчы.

- Эми анын 27-28-майда дагы болору күтүлүп жатат. Мен ойлойм, бул маселени биздин кошуналар да түшүнөт.

Анткен менен кошуналар арасында улуттук кызыкчылыкка шай келчү орток түшүнүк жок. Аны Б.Кошматовдун өзү мындайча түшүндүрөт.

- А бирок эми каршы болуп жатат деген мындай да. Биз бардыгыбыз эле, силер өзүңөр деле жакшы түшүнөсүңөр, эмне маселе болсо эле макул болгонго мен деле каршымын. Эгер республиканын кызыкчылыгын сактап жатса макул болобуз. Эгер сакталбай калса биз дагы чек коебуз же нааразычылык билдиребиз да, туурабы? Ошондой учурлар бар.

Кыргызстан суу сактагычтарды кармоого кеткен чыгымдарды коңшу өлкөлөр тең тартыш керектигин кыйладан бери сунуштап келатат. Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отунсуу ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун айтуусунда, суу-энергетикалык проблемаларды жөнгө салуунун көп тараптуу, беш жылга эсептелген келишим түзүүгө Өзбекстан кошулбай калгандан бери маселе эки тараптуу макулдашуулар аркылуу гана жөнгө салынып келатат.

- Мунун баары минтип кургакчылык мезгил келгенде проблеманы пайда кылууда. Азыр Токтогул суу сактагычында суу аябай эле аз. Бул Кыргызстандын 2008-2009-жылы кыштап чыгуусуна чоң коркунуч келтирет. Анан да ал жалгыз Кыргызстан эмес, коңшу өлкөлөргө да оорчулугун тийгизет. Кыргызстан аларга керектүү өлчөмдө сугат суу бере албайт.

Кыргызстандын Илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору академик Дүйшөн Маматканов суу-энергетикалык консорциум дегендин өзүндө бир балакет жатат деген пикирде.

- Кыш суук болду. Биз сууну көбүрөөк пайдаланып, электр энергиясын арбын иштеп чыктык, демек пайда таптык. Аны айтпай эле суунун деңгээли төмөндөп кетти деп эле суунун деңгээлин айтышат.

Академиктин ырасташынча, суунун азайып-көбөйүп турушу белгилүү учурларга туш келет. Баш-аягы он-онбир жылга созулчу цикл өткөнчө суунун башы менен төмөн жагында жайгашкан өлкөлөр ортодогу талаштуу маселени мунасага келип чечүүгө жетише алабы же ар биринин экономикалык кызыккчылыгы ойноп, он жылдан бери сөздөн түшпөгөн консорциум идеясы дагыле абада калкып калабы – бул да өзүнчө чоң суроо.

Ал арада Кыргызстанда чакан, орточо ГЭСтерди куруу идеясы күч алып, жаңы демилгенин башында мурунку өкмөт башчы Феликс Кулов турууда.
XS
SM
MD
LG