Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

18:35 Президент К.Бакиев Кытай Эл Республикасынын парламенттик делегациясын кабыл алды


Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев Кытай Эл Республикасынын Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытай жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Хань Цидэ башында турган парламенттик делегацияны кабыл алды. Президент Кытай менен пайдалуу кызматташтыкты бардык деңгээлде ар тараптуу өнүктүрүүгө аракеттер жасалып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Кытайда болуп өткөн миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган кыйраткыч жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. “Кыргызстан кытай элине кыйроонун залалдарын жоюу үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр. Бүгүнкү күнгө 120 тонна гуманитардык жүк жөнөттүк. Андан тышкары Кытай тарап муктаж экендигин тастыктаары менен сиздердин өлкөгө куткаруучулардын эки бригадасы жөнөтүлөт”, - деп билдирди К. Бакиев. Хань Цидэ Олимпиадалык оюндардын 8-августа болуучу салтанатына КЭРдин Төрагасы Ху Цзинтао президент Курманбек Бакиевди чакырганын белгилеп өттү. (AJ)

XS
SM
MD
LG