Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Саакашвили Орусия маселеси боюнча Европага доомат кылууда


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кээ бир Батыш Европа өлкөлөрүн Орусиянын Абхазияны жана Түштүк Осетияны колдоо саясатына көз жумду мамиле кылып, ага карата бир туруму жок болуп жаткандыгын кескин сындады. Мындай пикирин Саакашвили Грузияда өтүп жаткан парламенттик шайлоо учурунда билдирди. Саакашвилинин пикиринде эгерде Европа Орусиянын Грузияга каршы жүргүзгөн саясатына кайдыгер бойдон кала берсе, Орусия башка аймактарда ого бетер агрессивдүү болуп кетиши мүмкүн. Бир нече жума мурун Орусия Абхазиянын жикичлерин колдоп, Түштүк Осетия менен да алакаларын жакшырткан. Ошондон бери Орусия-Грузия тирешүсү дагы күчөдү.

XS
SM
MD
LG