Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Мянма аза күтүүдө


“Наргиз” бороон-чапкыны болгондон бери 18 күн өткөндөн кийин Мянмада үч күнгө аза күтүү жарыяланды. 3 күн бою мамлекеттик ишканаларда, мектептерде желектер түшүрүлөт, оюн-зоок токтотулат. Расмий маалыматтар боюнча, 2-майдагы капсалаңдан 78 миң адам каза тапты, дагы 50 миңдей адам дайынсыз жок. Мянманын аскер хунтасы эл аралык жардамдарды кабыл албай, зилзаладан жабыркаган элге чукул жардам көрсөтпөгөнү үчүн эларалык уюмдардын сынына кабылган эле. Кечээ Мянманын бийлиги коңшулаш Азия өлкөлөрүнүн дарыгерлерин кабыл алууга макулдук берди.

XS
SM
MD
LG