Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Иран темасы АКШдагы президентикке талапкерлерди кайрадан кайым айтыштырды. Республикачыл-сенатор Жон Маккейн демократ-сенатор Барак Обаманы Тегеран өкмөтүнүн лидери менен жолукканга даяр экенин ырастаган кезектеги сөздөрү үчүн сынга алып, мындай тажрыйбасыз адам АКШнын президенти --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A6618E71-444C-4389-A4B5-D2848534437F.asp боло албайт деп билдирди. Обама оппонентине ошол замат жооп кайтарып, Ирандын күчтөнүп баратканы үчүн жоопкерчиликти толугу менен Буш-Маккейн тандемине жүктөдү.

Барак Обама жекшемби күнү чоогол режимдер тууралуу өзүнүн мурдагы көз караштарын кайталап, азыркы Иран, Куба, Венесуэла бир кездеги Советтер Союзуна караганда алда канча алсыз экенин, алар Кошмо Штаттарынын коопсуздугуна “кансыз согуш” маалындагыдай коркунуч түзө албасын айткан эле. Буга кошо америкалык мурдагы президенттер учурунда советтик лидерлер, өзгөчө Никита Хрущев жана Михаил Горбачев менен тил табышканын эске салып, Иранга деле ушундай усулду колдонсо болот дегендей кыязын билдирген болчу.

Обаманын бул ойлорун республикачыл-сенатор Жон Маккейн каршыгып кабыл алды. “Сенатор Обама эч кандай шарт койбостон туруп иран президенти менен жолугушуу ниетин бир эмес, бир нече ирет айтып,такай тастыктап келатат, - деп айтты Маккейн Чикагодо. – Мунун өзү анын таптакыр тажрыйбасыз экенин жана чолок ойлонорун далилдейт. Мындай сапат менен АКШ президенти болуш өтө опурталдуу”.

Маккейн иран президенти менен жолугушуу тургай ушундай ниеттин өзү анын аброюн ашырат деп эсептейт.

Обама ошол эле күнү оппонентине жооп кайтарды. “Жон Маккейн мени Ирандын коркунучун түшүнбөйт деп айыптады. Ирандын коркунучун мен билем. Бирок мен билген башка да нерсе бар, атап айтканда, Советтер Союзу дүйнөнү бир нече ирет аласалдырып салганга жараганын, Жер шарын спутниктери менен курчап койгонун, бизди бутага алган эпсиз чоң аскер күчү болгонун да билем. Көп жыл байкап-багып, Ирандын коркунучу олуттуу экенин да аңдадым. Бирок айтайын дегеним – достор менен эле сүйлөшпөстөн, душмандар менен да тил тапканга аракет кыла билишибиз керек. Дипломатия дегендин бардык маңызы ушунда эмеспи”,- деп айтты Обама.

Ирандын бүгүн күчтөнүп жатканы үчүн күнөөнү Обама толугу менен Буш-Маккейн тандемине жүктөдү. Ирактагы бүтпөгөн согушка байланып калбаганда, Обаманын ишениминде, иран проблемасын сүйлөшүүлөр жолу менен чечсе болмок.

Өткөн аптада израил парламентинде да президент Буш АКШда радикалдар жана террордук күчтөр менен сүйлөшүүлөргө чакырган ишмерлер бар экенин айтып, демократтардын кычыгына тийген эле. Буштун сөзүн алар өздөрүнүн талапкери Обаманы жаманатты кылуу аракетиндей кабыл алышкан. Ак үй муну четке каккан.

“Вашингтон пост” гезити эки жыл мурда эле Маккейн өзү Палестинада бийликке келген “хамасчылар” менен мамиле түзүү керектигин айтканын эске салып, сенатордун узун сабак маегинен үзүндүлөрдү келтирди. Маккейн азырынча буга жооп айта элек. Ал эми либералдык маанайдагы ресурстар болсо сенаторду “эки жүздүүлүгү” үчүн айыптап киришти.

Маккейн соңку кездери Обамага көп катыла баштады. Көпчүлүк байкоочулар муну демократтардын ички жарышында ким жеңери айкын болуп калганына жоруп жатышат. Бүгүн алар эки штатта - Орегон менен Кентуккиде - ички шайлоо өткөрүшөт. Обамага маарага жеткени жети гана добуш калды. Эртең ал өз жеңишин жарыялашы мүмкүн дешет.
XS
SM
MD
LG