Ал иш сапарын Варшавадагы соода биржасынан баштап, биржанын төрагасы Людовик Соболевский менен жолугушат. Андан соң Польшанын Сейминин төрагасы Бронислав Комаровский менен жолугушуп, кыргыз-поляк кызматташуусу боюнча маселени талкуулайт. Эртең 21-майда өкмөт башчы кыргыз-поляк бизнес форумунун ишине катышып, Польшанын Сенатынын спикери Богдан Борусевич жана премьер-министр Дональд Туско менен жолугушат. (AJ)