Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫН БИР АТУУЛУ КАЙТЫШ БОЛДУ


Кыргызстандын дагы бир жаш атуулу Россия мамлекетинен кайтыш болду. Жаш кезинде жайраган жигиттин ата-энесинин айтуусу боюнча, ал киши колдуу болгон. Жергиликтүү милиция башкармалыгынын кызматкерлери бул тууралуу барып кызыгып сурашкан эмес. Бүгүнкү учурда канча кыргыз атуулу сырт жакта жүргөнү тууралуу миграция --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/02/34081D25-DEB1-4C72-98C2-4E8283FC72B4.asp башкармалыгында так маалымат жок.

1980-жылы туулган Талас шаарынын тургуну Чыңгыз Акматов Талас шаарындагы №6 орто мектепти ийгиликтүү аяктагандай эле, Бишкектеги кыргыз техникалык архитектура жана курулуш институтун да ийгиликтүү аяктайт. Окууну бүткөндөн кийин ошол эле жогорку окуу жайга мугалим болуп иштеп калат.

Чыңгыз Кыргызстандагы экономикалык кыйынчылыктан улам Орусия мамлекетине былтыр 8-мартта иштегени “Манас” аэропортунан Орусиянын борбору Москваны көздөй учат. Чыңгыз Москва шаарында бир мекемеде компьютердик кызматка жумушка орношуп, бир жарым жыл иштейт.

Ушул жылдын 7-май күнү Чыңгыздын кайтыш болгондугу тууралуу Талас шаарында жашаган ата-энесине кабар келет. Орусия мамлекетинин милиция кызматкерлери өзүнүн жанын өзү кыйган деген чечим чыгарышат.

Чыңгыздын атасы Эсенбек Акматов баласынын андайга барбашын айтып, өзүнүн тактаган айрым маалыматтары боюнча киши колдуу болгон деп шектенет:

- Киши колдуу болуп калды. Ал өзү андайга барбай турган бала эле. Мен анын астында бешинчи күнү түнкү саат 11де сүйлөшкөм. Балам менен сүйлөшкөндө: "баары жакшы, ата жакында жумуштарым бүтөт, ойлогон ой-максатыма жетейин деп калдым. Орусиянын граждандуулугун алсам, аспирантурамды бүтөм, келип анан үйлөнөм" деген.

Ушул тапка чейин Орусия мамлекетинин элчилиги, жада калса Кыргызстан тараптан бир дагы буга тиешелүү өкмөттөн адам басып келип баласынын тагдыры тууралуу сурабаганына, баласынан айрылган ата кейип турган учуру:

- Жуугандар айтышты артында катуу сокку болгон деп. Аркасы, желкеси, колдору көгөргөн экен. Мойнунда шишик бар экен. Аркасы аябай канаган экен. Киши колдуу эле болгон,- дейт Чыңгыздын апасы Анипа Осмоналиева.

Бул окуяга күбө болгондон кийин Талас облустук миграция башкармалыгынын миграция боюнча бөлүм башчысы Шумкарбек Асылбек уулуна кайрылып, бул тууралуу сураганыбызда, жогорудагы окуя тууралуу аларда маалымат бар экенине күбө болдук.

Шумкарбек Асылбеков «Азаттыкка» Кыргызстандагы экономикалык кыйынчылыктан улам сырт жакка кетип жаткан мигранттардын саны көп болуп жатканын айтып, бирок канча адам кеткени тууралуу бүгүнкү учурда аларда так маалымат жок экенин төмөнкүчө айтты:

-Келип аткандарга караганда кетип аткандардын саны дагы эле көп. Анткени биздеги жашоо турмуштун деңгээли азыркы мезгилде алдыга чыгып, оңолуп кете алган жок. Жумушчу орундар түзүлүп, бизде айлыктар көтөрүлмөйүнчө бул процессти басаңдатып, же токтотуу өтө кыйындыкка турат десек болот. Каттоону такташ үчүн Казак Республикасы, Орусия киргизип аткандай эле миграциялык картаны киргизүү талапка ылайык деп эсептейм.

Паспорттук каттоодон чыгып, башка мамлекеттерге кеткен адамдардын саны Талас облусу боюнча 3 миң 147 адам, ал эми Талас жергесине кайтып келгендердин саны болгону 1269 адам. Бул милиция аркылуу паспорттук столдон алынган маалымат. Ал эми ал жака каттала албай келип-кеткендердин саны белгисиз.

XS
SM
MD
LG