Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:38

Британияда жашаган пакистандыктардын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/07727C81-3C1F-4C4E-8F3E-9B661BD70F3D.asp арасында өлүмгө алып келүүчү оорулардын көбөйүшү жакын туугандардан келин алуунун коркунучуна көңүл бурдурууда. Ошол эле мезгилде айрым окумуштуулар мындай коркунучка илимий баа бериш керектигин айтышууда.

Кыргыз-казакта жети ата алыстамайынча туугандардын никеге турушун туура көрүшкөн эмес. Монголдордо бүгүн да сөзсүз башка уруудан келин алыш керек. "Курама темир бекем болот" деген накыл кеп ошондон калса керек.

Ал эми мусулман элдеринде жакын туугандар никеге турган учурлар кеңири тараган көрүнүш. Мисалы Иранда атасы менен энеси жакын тууган болгон учурлар бардык никелердин дээрлик 40 пайызын түзөт.

Жакын туугандардын балдары оорулуу болоору кеңири белгилүү. Ошондуктан, айрыкча Пакистандан мусулмандар көп жашаган Британияда мындай никеге тыюу салууну талап кылгандар чыгууда. Окумуштуулар мисалы 40тан өткөндө төрөгөн аялдардын балдары ар кыл ооруга көп чалдыгаарын белгилеп, бирок бир да өкмөт аларга төрөгөнгө тыюу салбагандыгын эскертишүүдө.

Мындай талкууга түрткү болуп, Британиянын Брадфорд шаарында дүлөйлөрдүн мектебинде балдардын жарымына жакыны түбү азияттар экендиги, бирок шаар калкынында азиялыктар болгону 20 пайызды түзөөрү аныкталган. Бирок жакын туугандардын никесин изилдеген генетиктер, мисалы, бөлөлөрдүн ортосунда төрөлгөн балдардын 1.2 пайызы гана дүлөй болуп калышы мүмкүн экендигин аныктап чыгышкан.

Жаңы изилдөөнүн авторлоруна ылайык, жер жүзүндөгү ар кыл жаныбарлардын тукум курут болушу буга чейин болуп келгендегиден 10 миң эсе тездеди.

1970-жылдан бери кургак жерде жашаган жандыктардын саны 25 пайызга, туздуу суудагы жандыктары 28 пайызга, ал эми тузсуз сууда жашагандар 29 пайызга азайды. Анын аралыгында, адам баласынын саны эки эсеге көбөйдү.

"Өмүрдү сактоонун жолдору" деген китеп өткөн айда Оксфорд университетинин басмаканасынан чыкты. Анда айрым жандыктар адам баласынын саламаттыгына кандай таасир тийгизиши мүмкүн экендиги тактала электе жок болуп кетип жаткандыгы айтылат.

Ал эми Дүйнөлүк Жапайы жаратылыш кору жан-жаныбарлардын тукум курут болушуна кайсы өлкө канчалык "салым" кошуп жаткандыгын эсептеп чыккан. Кыргызстан ортоңку 90 орунда. Эң башкы беш кыргын салуучулар - Кошмо Штаттары, Бириккен Араб Эмираттары, Финляндия, Канада жана Кувейт. Айлана-чөйрөгө эң аз зыян келтирген өлкө Ооганстан. Тажикстан 137-орунда. Өзбекстан 64, Түркмөнстан 32, Казакстан 31, ал эми Орусия 25-орунда.
XS
SM
MD
LG